Редакцияот 28.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Уч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги

VIII сессиясы 

 

 

2022-жылдын 28-ноябрындагы № 8/1

 

 

Уч-Коргон айылдык кенешинин финанс жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин 2022-жылдын 15-ноябрь №7 протоколунун негизинде Уч-Коргон айылдык кенешинин 2022-жыл 26-январь №4/2 VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясында бекитилген бюджеттик статьяларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизуу жөнүндө

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Уч-Коргон айылдык кенешинин 2022-жыл 26-январь №4/2 VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясында бекитилген бюджеттик статьяларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киритилсин.

 

2.    Уч-Коргон айылындагы А.С.Пушкин, Н.Масадиров жана Мураул көчөлөрүнө 1 км асфаль төшөө, аба-ырайынын сууп калгандыгына байланыштуу 2023-жылдын апрель-май айдарына калтырылсын.

 

3.    Уч-Коргон айылындагы А.С.Пушкин, Н.Масадиров жана Мураул көчөлөрүнө 1 км асфаль төшөөгө каралган акча каражаты 2022-жылдын аягына чейин Уч-Коргон айыл аймагында жергиликтуу депутаттардын өтө көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жумшалсын.

 

4.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финанс жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Жакыповго жүктөлсүн.

 

 

Уч-Коргон айыл кенешинин төрагасы:

Б.Юрсунов