Редакцияот 28.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Уч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги

VIII сессиясы 

 

 

2022-жылдын 28-ноябрындагы № 8/2

 

Исфайрам дарыясына курулучуу ГЭС жана Исфайрам- Апшырсай, Исфайрам-Кожо-Кайыр каналдарынын долбоорун колдоо жөнүндө

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Исфайрам дарыясына курулучуу ГЭС жана Исфайрам- Апшырсай, Исфайрам-Кожо-Кайыр каналдарынын долбоорун жүзөгө ашырууга Чоң Алай районунун Кызыл-Суу дарыясынан Исфайрам дарыясына кошумча суу алынышын эске алып, макулдук берилсин.

 

2. Исфайрам дарыясына ГЭС куруу долбоору Уч-Коргон Дорооут-Коргон жолу Тегирмеч-Шебе- Сурматаш –Суук жайлоо жана башка жайлооларга чыгуучу жолдорунун алтернативдуу жактары эске алынсын.

 

3. Исфайрам –Апшырсай каналын курууда Уч-Коргон айыл аймагына караштуу Чаувай –Валакыш –Тахтек участоктору суу менен камсыздандырылсын.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Баймурзаевге жүктөлсүн.

 

 

Уч-Коргон айыл кенешинин төрагасы:

Б.Юрсунов