Редакцияот 16.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 16-январы № 16-т

Улуттук инвестициялык долбоордун же мамлекеттик маанидеги долбоордун статусуна ээ болгон объекттерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүн ишке ашыруу жөнүндө", 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө" токтомдоруна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-мартындагы № 228-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Улуттук инвестициялык долбоордун же мамлекеттик маанидеги долбоордун статусуна ээ болгон курулуш объекттеринин долбоорлорун ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмегинде:

- төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:

"

10

"Премиум" жоопкерчилиги чектелген коому, 00502202410286

- "Бишкек Арена" стадиону, дареги:

Чүй облусу, Сокулук району, Орок айылы (№ 70, 71, 76 контурлар)

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы

КНСтин, анын ичинде импортко КНСтин жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев