Редакцияот 03.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2020-жылдын 3-марты № 11

 

Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын IV-кезектеги сессиясында Ак-Дөбө айыл аймагынын аппарат кызматкерлеринин жана маданият үйүнүн башчысынын, Т.Герцен атындагы көркөм сүрөт музейнин жетекчисинин маалыматтарын угуп, Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап, депутаттардын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын IV–кезектеги сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Дөбө айыл аймагынын жооптуу катчысы Мураталиев Э.С. 2019- жылдагы аткарылган иштери боюнча отчёту канаатандырарлык деп табылсын

2. Ак-Дөбө айыл аймагынын башкы адис Айдаралиев Н.С. 2019-жылдын жылдагы аткарылган иштери боюнча отчёту канаатандырарлык деп табылсын

3. Ак-Дөбо айыл аймагынын киреше боюнча жетектөөчү адис Муктарова А.А. 2019-жылдын жылдагы аткарылган иштери боюнча отчёту канаатандырарлыкдеп табылсын

4. Бул токтомду аткаруу жагы айылдык кеншинин төрагасынын орун басары Р.Турсунбаевге милдеттендирилсин.

5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Ак-Дөбө айылдык кеңешинин

төрагасы

 

 

А. Кочоркулов