Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-марты № 179
Кыргыз Республикасынын бюджетине түшүүлөрдүн булактары боюнча мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 33-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө", 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" жарлыктарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын бюджетине түшүүлөрдүн булактары боюнча мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун экинчи, үчүнчү, төртүнчү абзацтары, 3-пунктчасы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун 4-пунктчасы;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-августундагы № 417 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун 3-пунктчасы;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 766 "Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдарды алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 3-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 782 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомунун 6-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 234 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маселелери жөнүндө" токтомунун 5-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Кыргыз Республикасынын бюджетине түшүүлөрдүн булактары боюнча мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун ТИЗМЕГИ
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
1 | Мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар |
2 | Баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү укугуна күбөлүк берүү үчүн жыйым |
3 | Акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддер |
4 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
5 | Мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер |
6 | Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым |
7 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым |
8 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
9 | Контролдоо-көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүүдөн түшүүлөр |
10 | Мамлекеттик лотереяларды өткөрүүдөн түшүүлөр |
11 | Камсыздандыруу тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр |
12 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
13 | Акциялардын мамлекеттик пакетине чегерилген дивиденддер |
14 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
15 | Мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер |
16 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым |
17 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
18 | Башка ички дебитордук карызды төлөө |
19 | Берилген бюджеттик кредиттер боюнча пайыздар |
20 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
21 | Миграциялык кызмат органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым |
22 | Башка жыйымдар |
23 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
24 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
25 | Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн жыйымдар |
26 | Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн жыйым |
27 | Апостиль коюу үчүн жыйым |
28 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
29 | Юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым |
30 | Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым |
31 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым |
32 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
33 | Бир жолку декларациялык төлөм |
34 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
35 | Транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо, ченөө үчүн жыйымдар |
36 | Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнбөй турган жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйым |
37 | Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча өтүү үчүн жыйым |
38 | Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдар |
39 | Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинде жана жол боюндагы тилкеде жайгашкан жер тилкелерин ижарага берүүдөн алынуучу акы |
40 | Автомобиль жолдору чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча каражаттар |
41 | Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна келтирилген залалдын жана зыяндын ордун толтуруу |
42 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
43 | Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым |
44 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым |
45 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
6. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
46 | Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн жыйым |
47 | Өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин, козу карындарды жана мамлекеттик токой фондун пайдалануу үчүн жыйым |
48 | Жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн жыйым |
49 | Жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине, козу карындарга жана мамлекеттик токой фондуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу |
50 | Башка мүлктүн ижара акысы |
51 | Акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддер |
52 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
53 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым |
54 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
55 | Контролдоо-көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүүдөн түшүүлөр |
56 | Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтуруу |
57 | Суу ресурстарын жана суу объекттерин пайдалануу үчүн жыйым |
58 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
7. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
59 | Акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддер |
60 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
61 | Контролдоо-көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүүдөн түшүүлөр |
62 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
8. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
63 | Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн жыйым |
64 | Пайдалуу кен же казып алынуучу отун чыккан жерлерди иштетүү укугу үчүн жыйым |
65 | Жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым |
66 | Айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн жыйым |
67 | Утилдештирүү жыйымы |
68 | Өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин, козу карындарды жана мамлекеттик токой фондун пайдалануу үчүн жыйымдар |
69 | Жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн жыйым |
70 | Жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине, козу карындарга жана мамлекеттик токой фондуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу |
71 | Башка мүлктүн ижара акысы |
72 | Экологиялык зыяндын ордун толтуруу акысы |
73 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
74 | Биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр |
75 | Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым |
76 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым |
77 | Башка мамлекеттик алым |
78 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
79 | Контролдоо-көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүүдөн түшүүлөр |
80 | Жаратылыш активдерин пайдалануу үчүн башка төлөмдөр |
81 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
9. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
82 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
83 | Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым |
84 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым |
85 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
86 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
10. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
87 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
88 | Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым |
89 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
90 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
11. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
91 | Патенттик жана башка алымдар, жыйымдар |
92 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
93 | Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым |
94 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым |
95 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
96 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
12. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
97 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
98 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым |
99 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
100 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
13. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
101 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
102 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым |
103 | Миграциялык кызмат органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым |
104 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
105 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
14. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
106 | Аскердик милдет менен байланышкан жыйымдар |
107 | Башка мүлктүн ижара акысы |
108 | Акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддер |
109 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
110 | Мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер |
111 | Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым |
112 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым |
113 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
114 | Башка транспорт каражаттарын сатуу |
115 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
15. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
116 | Апостиль коюу үчүн жыйым |
117 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
118 | Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым |
119 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым |
120 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
121 | Экономикалык кылмыштар боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу |
122 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
16. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
123 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
124 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
125 | Токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтуруу |
126 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
17. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
127 | Радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн жыйым |
128 | Радиожыштык спектринин тилкелерин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүдөн түшкөн жыйым |
129 | Акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддер |
130 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
131 | Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым |
132 | Каттоо органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым |
133 | Башка мамлекеттик алым |
134 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
135 | Байланыш тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр |
136 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
18. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жана анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү | |
137 | Акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддер |
138 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
139 | Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым |
140 | Классификациялык сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым |
141 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
19. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
142 | Экономикалык кылмыштар боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу |
143 | Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктү сатуудан түшкөн кирешелер |
144 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
145 | Мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер |
146 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым |
147 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
148 | Контролдоо-көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүүдөн түшүүлөр |
149 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
20. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
150 | Калктуу конуштардан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым |
151 | Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка тиричилик буюмдарын пробалоо, талдоо жана эн тамга басуу үчүн жыйымдар |
152 | Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн жыйым |
153 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйым |
154 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
155 | Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым |
156 | Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр |
157 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
158 | Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салыктар |
159 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
21. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
160 | Аныкталган контрабанданы сатуудан түшкөн кирешелер |
161 | Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктү сатуудан түшкөн кирешелер |
162 | Кызматтык-издөөчү иттерди сатуудан түшкөн кирешелер |
163 | Мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер |
164 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
165 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүлөр |
166 | Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык алынуучу бажы төлөмдөрү, атайын демпингге каршы, компенсациялык алымдар |
167 | Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салыктар |
168 | Башка бажылык жыйымдар жана төлөмдөр |
169 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
22. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
170 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
171 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
172 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
23. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
173 | Сертификаттоо жол-жобосун өткөрүү үчүн жыйымдар |
174 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
175 | Жарандык авиацияны өнүктүрүүгө чегерүүлөр |
176 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
177 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
24. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
178 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
179 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым |
180 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
181 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
25. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
182 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
183 | Каттоо органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым |
184 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
185 | Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтуруу |
186 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
26. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
187 | Мамлекеттик менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы |
188 | Башка мүлктүн ижара акысы |
189 | Акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддер |
190 | Капиталга катышуунун башка формаларын сатуу (менчиктештирүү) |
191 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
192 | Мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер |
193 | Мамлекеттик ишканалардын пайдасы |
194 | Контролдоо-көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүүдөн түшүүлөр |
195 | Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктү сатуудан түшкөн кирешелер |
196 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
27. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы | |
197 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
198 | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасы |
199 | Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым |
200 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
28. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту | |
201 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
202 | Сот органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым |
203 | Башка мамлекеттик алым |
204 | Мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер |
205 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
29. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти | |
206 | Апостиль коюу үчүн жыйым |
207 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
208 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
30. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
209 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
210 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
211 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
31. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
212 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
213 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
32. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | |
214 | Автотранспортту токтотуу жана токтотуучу жай үчүн жыйым |
215 | Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйым |
216 | Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын, курулмалардын, жабдуулардын жана техниканын ижара акысы |
217 | Башка мүлктүн ижара акысы |
218 | Калктуу конуштардын жерлеринин ижара акысы |
219 | Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалангандык үчүн ижара акысы |
220 | Акциялардын муниципалдык пакетине кошуп эсептелген дивиденддер |
221 | Экологиялык зыяндын ордун толтуруу акысы |
222 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
223 | Муниципалдык ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр |
224 | Акы төлөнүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
225 | Ыктыярдуу трансферттер жана гранттар |
226 | Алынбай калган пайданын ордун толтуруу |
227 | Финансылык жана финансылык эмес активдер менен операциялардан түшүүлөр |
228 | Жергиликтүү бюджеттен берилген бюджеттик кредиттер боюнча пайыздар |
229 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
33. Башкы прокуратура жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
230 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
231 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
34. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы | |
232 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
233 | Каттоо органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым |
234 | Башка мамлекеттик алым |
235 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
236 | Мамлекеттик менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы |
237 | Башка мүлктүн ижара акысы |
238 | Акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддер |
239 | Мамлекеттик ишканалардын пайдасы |
240 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
35. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | |
241 | Автомототранспорт каражаттарын каттоо үчүн жыйымдар |
242 | Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат берүү үчүн жыйым |
243 | Автотранспорт каражатына энчилүү номердик белгини сатуу |
244 | Автотранспорт каражаттарына өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин сатуу |
245 | Башка жыйымдар |
246 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
247 | Мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер |
248 | Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым |
249 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
250 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
36. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы | |
251 | Мамлекеттик менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы |
252 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
253 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |