Загрузка документа…
Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊешинин
XXIХ-чакырылышынын кезектеги III-сессиясы
Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын 2025-жыл ичинде аткарган иштери жана аймактын социалдык –экономикалык абалы боюнча отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жана Карасаев айылдык кенешинин регламентине ылайык, Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жыл ичиндеги ишмердүүлүгү боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXIХчакырылышынын кезектеги III-сессиясы
токтом кылат:
1. Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын 2025-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету “ канааттандырарлык”деп табылсын.
2 . Отчеттук мезгилде депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлер жана сунуштар ирригация , таза суу ,ичүүчү суу , ички жол,көчөлөрдү жасоо иштери, 2026-жылдын « 29» январындагы №03 токтомунда Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊешинин депутаттары толук кандуу иш алып баруу үчүн кабинет жөнүндө токтому 2026-жылдын 10- мартына чейин чечилип берилсин деп көрсөтүлгөн токтомдун аткарылышын, 2026жылдын АЧМФ жерлерин конкурска жарыялап жана бааларын бекитип берүү үчүн 2026жылдын 26- мартына чейин Карасаев айыл аймагынын айылдык кенешине даярдалып берилсин.
3.Айыл өкмөтүнүн аппараты токтомдун аткарылышы боюнча чейрек сайын тийиштүү туруктуу комиссияларга маалымат берип турсун.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Карасаев айылдык кенешинин төрайымына жана туруктуу комиссиялардын төрагаларына жүктөлсүн.