Загрузка документа…
Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊешинин
XXIХ-чакырылышынын кезектеги III-сессиясы
2026-жылдын«11» марты№ 15
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74- беренесинде калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды убагында жана толук түшүүсүн камсыз кылуу үчүн,Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 76- беренесинин 2- бөлүгүнө ылайык Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXIХ-чакырылышынын кезектеги III-сессиясы токтом кылат:
1. Юридикалык жактар,мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин ар бир кызматкерлерге 50 сом болуп бекитилсин;
2. Жеке ишкерлерге ар бир кызматкерлерге 50 сом болуп бекитилсин;
3. Калктуу конуштардын таштандыларды ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды эсептөөнү тапшыруу мөөнөтү учурдагы жылдын 1- апрелине чейин деп белгиленсин;
4. Калктуу конуштардын таштандыларды ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды эсептөөнү төлөө мөөнөтү учурдагы жылдын 1- апрелине чейин деп белгиленсин;
5. Токтомдун аткарылышын Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А.И Момоевке жүктөлсүн.