Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-январындагы № 30 токтомуна тиркеме |
1- глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Талаптар радиоактивдүү булактарды, материалдарды жана заттарды коопсуз ташуу маселелерин, анын ичинде радиоактивдүү материалды алып өтүү менен байланышкан операцияларга жана шарттарга (таңгактоочу комплектти долбоорлоо, жасоо, тейлөө жана оңдоо; даярдоо, жүктөө, жөнөтүү, ташуу, анын ичинде убактылуу (транзиттик) сактоо; радиоактивдүү материалдардын жана таңгактардын жүктөрүн акыркы пунктка түшүрүү жана кабыл алуу) карата талаптарды жөнгө салат.
2. Ушул Талаптар радиоактивдүү материалдарды ташууга (транспорттоого), анын ичинде эксплуатацияланышы ташуу менен байланышкан буюмдардын курамындагы радиоактивдүү материалдарды транспорттоого төмөнкүлөрдөн тышкары жайылтылат:
1) ядролук куралды иштеп чыгуу, жасоо, сыноо, эксплуатациялоо жана утилдештирүү менен байланышкан иштерде радиоактивдүү материалдарды;
2) транспорт каражатынын ажырагыс бөлүгү болуп саналган радиоактивдүү материалдарды;
3) адамдын же жаныбардын организмине диагностикалоо же дарылоо максатында имплантацияланган же киргизилген радиоактивдүү материалдарды;
4) керектөөчүгө сатылгандан кийин саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан радиациялык контролдон жана эсепке алуудан бошотуу жөнүндө корутунду берилген керектөө товарларында болгон радиоактивдүү материалдарды;
5) табигый радионуклиддерди камтыган, же алардын табигый абалында болгон, же радионуклиддерди экстракциялоодон тышкары башка максаттар үчүн иштетилген жана мындай материалдардын үлүштүк активдүүлүгү ушул Талаптардын 1-тиркемесиндеги 1 жана 2-таблицада көрсөтүлгөн маанилерден 10 эседен көп эмес же натыйжалуу үлүштүк активдүүлүгү 10 Бк/г көп эмес шартта бул радионуклиддерди пайдалануу максатында кайра иштетүү белгиленбеген табигый материалдарды жана рудаларды;
6) үлүштүк активдүүлүгү же жүктүн жалпы активдүүлүгү ушул Талаптардын 1-тиркемесинин 1 жана 2-таблицаларында көрсөтүлгөн маанилерден көп эмес радиоактивдүү материалдарды.
3. Ушул Талаптар жалпы пайдалануудагы байланыш жолуна чыгуу менен ташуу үчүн таңгактоочу комплекттерди жана таңгактарды даярдоого карата ушул Талаптарда көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, ушул материалдар өндүрүлгөн, пайдаланылган жана сакталган ишканалардын аймагы боюнча радиоактивдүү материалдарды ички (б.а. жалпы пайдалануудагы байланыш жолуна чыкпай туруп) алып өтүүлөргө жайылтылбайт.
4. Ушул Талаптар радиоактивдүү материалдарды ташуу (транспорттоо) жаатындагы ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар, анын ичинде таңгактоочу комплекттерди жана таңгактарды иштеп чыгууга, жасоого, сыноого жана эксплуатациялоого катышкан, ошондой эле ташуу процессинде радиоактивдүү материалдарды (таңгактарды) убактылуу (транзиттик) сактоону жүзөгө ашырган бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү.
Ушул Талаптардын максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
А1 – өзгөчө түрдөгү радиоактивдүү материалдын активдүүлүгүнүн мааниси, ал ушул Талаптардын 1-тиркемесинин
1 жана 2-таблицаларында көрсөтүлгөн же ушул Талаптардын 1-тиркемесине ылайык аныкталган жана ушул Талаптардын тиешелүү жоболоруна ылайык активдүүлүктүн чектерин аныктоо үчүн колдонулат;
А2 – ушул Талаптардын 1-тиркемесинин 1 жана 2-таблицаларында көрсөтүлгөн же ушул Талаптардын 1-тиркемесине ылайык аныкталган, өзгөчө түрдөгү радиоактивдүү материалдарды кошпогондо, радиоактивдүү материалдын активдүүлүк мааниси, ал ушул Талаптарга ылайык активдүүлүктүн чектерин аныктоо үчүн колдонулат;
активдүүлүк – радиоактивдүүлүктүн өлчөмү. Белгилүү бир энергиялык абалдагы радионуклиддин белгилүү бир саны үчүн убакыттын белгиленген учурунда A активдүүлүгү A = dN/dt түрүндө берилет, мында dN – dt убакыт аралыгында ошол энергиялык деңгээлден күтүлгөн спонтандык ядролук айлануулардын саны. Эл аралык бирдиктер системасында активдүүлүктүн өлчөө бирдиги беккерель (Бк) болуп саналат;
төмөн уулуулуктагы альфа-нурлануучулар – табигый уран; байытылбаган уран; табигый торий; уран-235 же уран-238; торий-232; кендердин курамында же физикалык жана химиялык концентраттар түрүндө камтылган торий-228 жана торий-230; же жарым ажыроо мезгили 10 суткадан аз болгон альфа-нурлануучулар;
бөлүнүүчү материалдар – уран-233, уран-235, плутоний-239, плутоний-241 же бул радионуклиддердин кандай болбосун
комбинациясын камтыган ядролук материал. Бул аныктамага төмөнкүлөр кирбейт:
1) нурланбаган табигый уран же байытылбаган уран;
2) табигый уран же жылуулук нейтрон реакторлорунда гана нурланган байытылбаган уран;
критикалуулугу боюнча коопсуздук индекси (ККИ) – таңгакка, транспорттук пакетке же бөлүнүүчү ядролук материалды камтыган жүк контейнерине белгиленген сан, ал бөлүнүүчү материалды камтыган таңгактардын, транспорттук пакеттердин же жүк контейнерлеринин жалпы санын контролдоо үчүн колдонулат;
өзгөчө пайдалануу – транспорт каражатын же ири жүк контейнерин бир гана жүк жөнөтүүчү тарабынан пайдалануу, ал аркылуу жүктөө жана түшүрүү боюнча бардык баштапкы, аралык жана акыркы операциялар жүк жөнөтүүчү же жүк алуучу тарабынан же алардын көрсөтмөлөрү боюнча жүзөгө ашырылат;
категория (таңгактын же транспорттук пакеттин) таңгактын же пакеттин радиациялык коркунучунун даражасын белгилөө, ал алардын бетиндеги нурлануу деңгээли жана алардын транспорттук индекси (ТИ) (англисче кыскартылышы TI) боюнча аныкталат;
массалык жүктөр үчүн орто жүк көтөрүмдүүлүктөгү контейнер (МЖОЖКК) – жылдырылып туруучу таңгактоо комплекти, ал:
1) ички көлөмү 3 м³дан ашпайт;
2) жүктөрдү механикалык иштетүүгө мүмкүндүк берген конструкцияга ээ;
3) эксплуатациялык сыноолорго ылайык жүктөрдү иштетүү жана ташуу учурунда пайда болгон жүктөмдөргө туруктуу;
4) Бириккен Улуттар Уюмунун Кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча сунуштамаларынын (БУУнун басылмасынын 16-главасы – ST/SG/AC.10/1) массалык жүктөр үчүн орто жүк көтөрүмдүүлүктөгү контейнерлер үчүн сунуштамаларга арналган главасында баяндалган ченемдерге ылайык конструкцияланган;
максималдуу нормалдуу жумушчу басым – деңиз деңгээлинде атмосфералык басымдан ашкан максималдуу басым, ал вентиляциясыз же ашыкча басымды чыгаруусуз, кошумча система аркылуу тышкы муздатуусуз же ташуу учурунда эксплуатациялык контролдоо чараларысыз, таңгакты герметизациялоо системасында бир жылдын ичинде айлана-чөйрөнүн шарттарына туура келген температуралык режимдин жана күн радиациясынын шарттарында пайда болушу мүмкүн болгон;
төмөн үлүштөгү активдүүлүккө ээ материал (ТҮА материалы) – табиятынан үлүштүк активдүүлүгү чектелген радиоактивдүү материал же орточо үлүштүк активдүүлүктүн белгиленген чектери колдонулуучу радиоактивдүү материал. Орточо үлүштүк активдүүлүктү аныктоодо ТҮА материалын курчап турган тышкы
коргоо материалдары эсепке алынбоого тийиш. ТҮА материалдары үч топтун бирине кирет:
ТҮА-I материалдары:
1) уран жана торий рудалары жана мындай рудалардын концентраттары, табигый тектүү радионуклиддерди камтыган (мисалы, уран, торий) жана ушул радионуклиддерди пайдалануу максатында кайра иштетүү үчүн арналган башка рудалар;
2) катуу нурланбаган табигый уран, же байытылбаган уран, же табигый торий, же алардын катуу же суюк курамдары, же аралашмалары;
3) А2 чоңдугу чектелбеген радиоактивдүү материалдар, ушул Талаптардын 78-пункту боюнча бошотууга кирбеген сандагы бөлүнүүчү ядролук материалдарды кошпогондо;
4) активдүүлүгү бүткүл көлөмгө таралган жана белгиленген орточо үлүштүк активдүүлүгү ушул Талаптардын 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн активдүүлүктүн 30 жолу эселенген концентрациясынан көп эмес башка радиоактивдүү материалдар, ушул Талаптардын 78-пункту боюнча бошотууга кирбеген сандагы бөлүнүүчү ядролук материалдарды кошпогондо;
ТҮА-II материалдары:
1) тритийдин үлүштүк активдүүлүгү 0,8 ТБк/л чейинки суу;
2) активдүүлүгү бүткүл көлөмгө таралган, ал эми белгиленген орточо үлүштүк активдүүлүк катуу жана газ түрүндөгү материалдар үчүн 10-4 А2/г жана суюктуктар үчүн 10-5 А2/г көп эмес материалдар; ТҮА-III материалдары төмөнкүлөрдү камтыган порошокторду кошпогондо, катуу материалдар, мисалы, байланышкан калдыктар,
активдештирилген материалдар:
1) радиоактивдүү материал бүтүндөй катуу материалда же катуу объекттердин топтомунда таралган же катуу, тыгыз байланыштыруучу материалда негизинен текши таралган (мисалы, бетон, битум, керамика ж.б.);
2) радиоактивдүү материал сууда аз эрийт же табияты боюнча аз эрүүчү негизги массада болот (радиоактивдүү материал 7 суткага сууга салынганда таңгактан агып чыгышы 0,1 А2ден ашпайт);
3) кандай болбосун коргоочу материалды эсепке албаганда белгиленген орточо үлүштүк активдүүлүк 2 × 10-3 А2/г ашпаса;
нурланбаган торий – 1 г торий-232де 10-7 г ашык эмес уран-233 камтыган торий;
нурланбаган уран – 1 г уран-235те 2 × 103 Бк плутонийден көп эмес уран жана 1 г уран-235те 9 МБк бөлүнүү продукттарынан көп эмес жана 1 г уран-235 үчүн 5 × 10-3 г уран-236дан көп эмес уран;
беттин алынбаган (туруктуу) радиоактивдүү булганышы өзүнөн өзү же ташуунун кадимки шарттарында бетине тийгенде булганган бетинен айлана-чөйрөгө өтпөгөн радиоактивдүү материалдар;
байытылбаган уран – табигый уранга салыштырганда массасы боюнча пайыздык катышта уран‑235 аз камтылган уран. Аз санда уран‑234 кездешет;
байытылган уран – табигый уранга салыштырганда массасы боюнча пайыздык катышта уран-235ти көбүрөөк камтылган уран. Аз санда уран‑234 кездешет;
үстүнкү бетинин радиоактивдүү булгануусу бар объект (БРБО) – бул радиоактивдүү болуп эсептелбеген катуу объект, үстүнкү бетинин радиоактивдүү булганышы бар. БРБО эки топтун бирине кирет:
БРБО-I – катуу объект, анын үстүнкү бетинде:
1) 300 см2 аянтта (же, эгерде анын аянты 300 см2 аз болсо, бүткүл үстүнкү бетинде) орточо алынган жеткиликтүү бетиндеги туруксуз радиоактивдүү булгануу бета- жана гамма-нурлантуучулар жана уулуулугу төмөн альфа-нурлантуучулар үчүн 0,4 Бк/см2 жана башка бардык заттар үчүн 0,4 Бк/см2 ашпаса;
2) 300 см2 аянтында (же, эгерде анын аянты 300 см2 аз болсо, бүткүл үстүнкү бетинде) орточо алынган жеткиликтүү беттеги туруктуу радиоактивдүү булгануу бета- жана гамма-нурлантуучулары үчүн 4 × 104 Бк/см2 жана уулуулугу төмөн альфа-нурлантуучулар үчүн жана башка бардык альфа-нурлантуучулар үчүн 4 × 103 Бк/см2 ашпаса;
3) 300 см2 аянтында (же, эгерде анын аянты 300 см2 аз болсо, бүткүл үстүнкү бети боюнча) орточо алынган жеткиликсиз үстүнкү бетиндеги туруксуз радиоактивдүү булгануу жана туруктуу радиоактивдүү булгануу, бета- жана гамма-нурлантуучулар үчүн жана уулуулугу төмөн болгон альфа-нурлантуучулар үчүн 4 ×104 Бк/см2 жана бардык башка альфа-нурлантуучулар үчүн 4 × 103 Бк/см2 ашпаса; БРБО-II – бетинин туруктуу булгануусу же туруксуз булгануусу БРБО-I үчүн белгиленген тиешелүү чектен ашкан катуу объект жана
анда:
1) 300 см2 аянтта (же, эгерде анын аянты 300 см2 аз болсо, бүткүл үстүнкү бетине) орточо алынган жеткиликтүү беттеги туруктуу эмес радиоактивдүү булгануу бета- жана гамма-нурлантуучулар жана уулуулугу төмөн альфа-нурлантуучулар үчүн 400 Бк/см2 жана башка бардык альфа-нурлантуучулар үчүн 40 Бк/см2 ашпайт;
2) 300 см2 аянтта (же, эгерде анын аянты 300 см2 аз болсо, бүткүл үстүнкү бетине) орточо алынган жеткиликтүү беттеги туруктуу радиоактивдүү булгануу бета- жана гамма-нурлантуучулар жана уулуулугу төмөн альфа-нурлантуучулар үчүн 8 × 105 Бк/см2 жана башка бардык альфа-нурлантуучулар үчүн 8 × 104 Бк/см2 ашпайт;
3) 300 см2 аянтта (же, эгерде анын аянты 300 см2 аз болсо, бүткүл үстүнкү бетине) орточо алынган жеткиликсиз болгон үстүнкү бетиндеги туруксуз радиоактивдүү булгануу менен бирге туруктуу радиоактивдүү булгануу бета- жана гамма-нурлантуучулар жана уулуулугу төмөн альфа-нурлантуучулар үчүн 8 × 105 Бк/см2 жана башка бардык альфа-нурлантуучулар үчүн 8 × 104 Бк/см2 ашпайт;
4) табигый уран – уран изотопторунун табигый аралашмасын камтыган уран (болжол менен массасы боюнча 99,28 % уран-238 жана 0,72 % уран-235). Аз өлчөмдө уран-234 бар;
радиациялык коргоо программасы – радиациялык коргоо чараларын пландоону жана эсепке алууну камсыз кылуу үчүн радиоактивдүү материалдарды ташуу учурунда системалуу түрдө жүргүзүлүүчү иш-чаралардын программасы;
радиоактивдүү зат – иондуу нурланууну чыгарган ядролук материалдарга тиешеси жок зат;
өзгөчө түрдөгү радиоактивдүү материал (ӨТРМ) – ӨТРМге карата ушул Талаптарга жооп берген, чачырабаган катуу же герметикалык каптамага жайгаштырылган радиоактивдүү материал;
чачылуу жөндөмү төмөн радиоактивдүү материал (ЧЖТРМ) – ЧЖТРМге коюлган ушул Талаптарга жооп берген, порошок түрүндө болбогон катуу радиоактивдүү материал же герметикалык кабыкчага жайгаштырылган, чачылуу жөндөмү чектелген катуу радиоактивдүү материал;
үстүнкү радиоактивдүү булгануу – транспорт каражаттарынын, жүк контейнерлеринин, таралардын, таңгактардын жана башка предметтердин бетинде бета-, гамма- жана уулуулугу төмөн альфа- нурлантуучулар үчүн 0,4 Бк/см2 жана башка бардык альфа- нурлантуучулар үчүн 0,04 Бк/см2 ашкан санда техногендик мүнөздөгү радиоактивдүү материалдардын болушу;
радиоактивдүү курам – таңгактоочу комплекттеги кандай болбосун радиоактивдүү же активдештирилген катуу заттар, суюктуктар жана газдар менен бирге радиоактивдүү материал;
радиоактивдүү материал радионуклиддерди камтыган кандай болбосун материал, анда активдүүлүктүн концентрациясы, ошондой эле жүктүн толук активдүүлүгү МАГАТЭ коопсуздук ченемдеринин (Радиоактивдүү материалдарды коопсуз ташуу эрежелери. 2018-жылдагы басылма) 402–407-пункттарында көрсөтүлгөн маанилерден ашат;
резервуар – суюктуктар, порошоктор, гранулалар же аралашмалар үчүн сыйымдуулугу кеминде 450 л жана газдар үчүн кеминде 1000 л болгон контейнер-цистерна, автоцистерна, темир жол цистернасы же башка идиш. Резервуар жер үстүндөгү жолдор менен ташууга ылайыктуу, конструкциялык жабдууларын алып салбастан толтурууга жана бошотууга мүмкүн болушу, транспорт каражаты бекитүүчү жана туруктуулукту камсыз кылуучу элементтерге ээ болушу жана толтурулган абалында көтөрүүгө жарактуу болушу керек; бөлүнүүнүн өзүн-өзү колдоочу ядролук чынжыр реакциясы (ӨЧР) – радионуклиддердин бөлүнүү процесси, мында белгилүү бир убакыт аралыгында ядролук бөлүнүү процессинде пайда болгон нейтрондордун саны ошол эле убакыт аралыгында агып кетүүнүн жана жутулуунун натыйжасында системадан чыгып кеткен нейтрондордун санына барабар же андан көп болот;
герметизациялоо системасы (таңгактоо) – ташуу учурунда радиоактивдүү курамды кармап турууга арналган таңгактоо комплектинин конструкциясынын бөлүгү;
алынуучу (фиксацияланбаган) үстүнкү беттин радиоактивдүү булгануусу – ташуу учурунда кадимки шарттарда үстүнкү бетинен алынып салынуучу радиоактивдүү материалдар;
транспорттук пакет жүктү иштетүүнү, жүктөөнү, түшүрүүнү жана кампа жумуштарын комплекстүү механикалаштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу пакеттөөнүн ар кандай ыкмаларын жана каражаттарын колдонуу менен бир нече жүк бирдиктеринен (таңгактардан)түзүлгөнирилешт ирилген жүк бирдиги. Пакеттөө каражаттарына төмөнкүлөр кирет: поддондор (жалпак, туруучу, решетка, ящик), ийкемдүү же катуу боолор (тасмалар, салмоорлор, торлор, пленкалар), зым, аркан жана бекитүүнүн башка элементтери; транспорттук индекс (ТИ) – таңгакка, транспорттук пакетке, жүк контейнерине, резервуарга же таңгакталбаган ТҮА-I жана БРБО-1 материалдарына ыйгарылган сан, ал радиоактивдүү материалдардын жүктөрүн ташууда радиациялык коопсуздукту контролдоо үчүн колдонулат. Транспорттук индекстин сандык маанисин аныктоо ыкмасы ушул Талаптардын 106–117-пункттарында келтирилген; изотоптун үлүштүк активдүүлүгү – берилген изотоптун бирдик массасына карата активдүүлүгү;
материалдын үлүштүк активдүүлүгү – радионуклиддер негизинен бирдей бөлүштүрүлгөн материалдын массасынын же көлөмүнүн бирдигине активдүүлүк;
таңгак – ташуу үчүн берилген формадагы радиоактивдүү курамды камтыган таңгак комплекти;
МАГАТЭ № SSR-6 (Rev. 1) коопсуздук талаптарына ылайык таӊгактардын классификациясынын бирдейлиги үчүн таңгактар төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
- бошотулган таӊгак;
- өнөр жай таӊгагынын (ӨТ) 1, 2, 3-түрлөрү (ӨТ-1, ӨТ-2, ӨТ-3);
- таӊгактын А тиби;
- таӊгактын B тиби;
- таӊгактын С тиби.
Бөлүнүүчү материалдарды камтыган таңгактардын бардык типтерине кошумча талаптар коюлат (ушул Талаптардын 77-85-пункттары).
Кошумча талаптар уран гексафториди камтылган таңгактарга карата колдонулат (ушул Талаптардын 42–45-пункттары); таңгактоочу комплект (транспорттук таңгактоочу комплект) – радиоактивдүү курамды жайгаштыруу жана кармоо үчүн зарыл болгон компоненттердин жыйындысы.
Таңгактоочу комплект, атап айтканда, бир же бир нече идиштерди, сорбенттик заттарды, аралык курулмаларды, нурлануудан коргоо, муздатуу жана жылуулук изоляциялоо үчүн түзүлүштөрдү, амортизаторлорду камтышы мүмкүн. Таңгактоо комплекти ящик, куту, бочка же ушуга окшош идиштер түрүндө болушу мүмкүн, жүк контейнерин, резервуарды же массалык жүктөр үчүн орто жүк көтөрүмдүүлүктөгү контейнерди (МЖОЖКК) түзүшү мүмкүн;
нурлануунун деңгээли – дозанын саатына миллизиверттер менен берилген тиешелүү кубаттуулугу;
физикалык коргоо – радиоактивдүү материалдарды уурдоону жана радиоактивдүү материалдарга жана радиоактивдүү материалдарды ташыган транспорт каражаттарына каршы диверсияларды болтурбоо үчүн арналган уюштуруу иш-чараларынын, инженердик-техникалык каражаттардын жана коргоо бөлүмдөрүнүн иш-аракеттеринин жыйындысы;
ядролук материал – бөлүнүүчү материалдарды (заттарды) камтыган же кайра чыгарууга жөндөмдүү материал.
5. Жүккө болгон талаптар жана ташуу шарттары төмөнкүдөй негизги эрежелерге негизделет:
- таңгактардан жана транспорт каражаттарынан (автомобиль, прицеп же жарым прицеп, темир жол кыймылдуу курамы) чыккан нурлануу деңгээлдерин, алардын беттеринин радиоактивдүү булгануусун жана таңгактардан радиоактивдүү курамдын чыгып кетишин чектөө;
- ташуунун ар кандай шарттарында белгиленген чектерде жылчыксыздыкты жана радиациялык коргоону камсыз кылуу жөндөмдүүлүгүнө жана радиоактивдүү курамдын чачырап кетүү жөндөмдүүлүгүнө жараша бир таңгакта ташылуучу радиоактивдүү курамдын санын жана радионуклиддик курамын чектөө;
- таңгакта бөлүнүүчү ядролук материалдын санын чектөө жана (же) мындай материалдарды ташууда ӨЧРдин пайда болуу шарттарын жокко чыгаруу талаптарын белгилөө;
- ташууда жүргүзүлүүчү атайын уюштуруу-техникалык иш-чаралардын минималдуу көлөмүндө пайдалануу коопсуздугу таңгактоочу комплектинин конструкциясынын эсебинен камсыздалууга тийиш болгон таңгактоочу комплекттерди пайдалануу;
- бир транспорт каражатында ташылуучу таңгактардын санын алардын радиациялык коркунучунун даражасына жана ӨЧРдин пайда болуу коркунучуна жараша чектөө;
- жүккө жана транспорт каражатына зарыл болгон маркировканы, этикеткаларды (кооптуулук белгилерин) жана эскертүү белгилерди камсыз кылуу;
- таңгактын конструкциясынын эл аралык стандарттарга ылайык келүүсүнө өндүрүүчүнүн сертификатынын жана ушул Талаптарда каралган учурларда ташууга лицензиянын болушу;
- ташууда радиациялык коопсуздук жеке дозалардын, жамааттык дозалардын чоңдугу жана нурлануу ыктымалдыгы акылга сыярлык жеткиликтүү төмөнкү деңгээлде кармалгандай, ал эми жеке нурлануунун дозалары тиешелүү белгиленген чектерден ашпагандай камсыздалышы керек. Бул талаптарды аткаруу үчүн жүк жөнөтүүчү (жүк алуучу) тарабынан көрүлүүчү чаралар радиациялык коргоо программасында келтирилет, анда радиоактивдүү материалдарды ташууда коопсуздукту камсыз кылуучу жол-жоболордун жана эрежелердин толук баяндалышы камтылууга тийиш;
- таңгактарды жана таңгакталбаган радиоактивдүү материалдарды кабыл алуунун, жүктөөнүн, сактоонун, жүктөп- жөнөтүүнүн, түшүрүүнүн жана ташуунун жүрүшүндө алар менен иштөө боюнча иштерди аткарып жаткан кызматкерлер билимин милдеттүү түрдө мезгил-мезгили менен текшерип туруу менен алардын нурлануусун жана персоналдын иш-аракетинин натыйжасында жапа чегиши мүмкүн болгон башка адамдардын нурлануусун чектөөнү камсыз кылуу үчүн алардын иши менен байланышкан ядролук, радиациялык коопсуздук маселелери жана сактоо зарыл болгон сактык чаралары боюнча тиешелүү окутуудан өтүүгө тийиш.
Жүктөрдү жүктөө, ташуу жана түшүрүү боюнча бир жолку операцияларды жүргүзүүгө тартылган кызматкерлер иштин алдында нускамадан өтүшү керек. Нускаманын жыйынтыгы документтер менен таризделет.
6. Ташуу менен байланышкан иштерди аткаруунун натыйжасында кесиптик нурлануу болгон учурда, төмөнкүдөй өлчөмдө эффективдүү дозаны алууну баалоого ылайык:
1) жылына 1 мЗв жогору өтө аз ыктымал болуп саналат – өзгөчө иш графиги, деталдуу дозиметриялык контроль, дозаны баалоо программалары же жеке эсепке алуу талап кылынбашы керек;
2) жылына 1–5 мЗв толук ыктымалдуу болуп саналат – жумуш орундарын дозиметриялык контролдоо же жеке дозиметриялык контролдоо аркылуу дозаны баалоо программалары жүзөгө ашырылууга тийиш. Тиешелүү персонал Б тобуна кирет;
3) жылына 5 мЗв жогору толук ыктымалдуу болуп саналат – жеке дозиметриялык контроль жүргүзүлүшү керек. Тиешелүү персонал А тобуна кирет.
7. Жеке дозиметриялык контроль же жумуш орундарын дозиметриялык контролдоо тийиштүү түрдө документтер менен таризделүүгө тийиш.
8. Радиоактивдүү материалдар иштетилбеген киноплёнкаларынан, фотоплёнкаларынан, рентген плёнкаларынан, фотопластинкалардан жана рентген пластинкаларынан (мындан ары фотосезгич материалдар) бөлүнүшү керек. Бөлүүчү аралыкты аныктоо радиоактивдүү материалдарды ташуунун кесепетинде көрсөтүлгөн материалдардын нурлануусу фотосезгич материалдардын жүгүнүн партиясына 0,1 мЗв чейин чектелгидей жүргүзүлөт (ушул Талаптардын 2-тиркемеси).
9. Жүк жөнөтүүчү, жүк алуучу жана жүк ташуучу транспорт кырсыктарын жана аварияларды алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча ушул Талаптардын жана транспорттун ар кандай түрлөрүндө колдонулуучу жүктөрдү (коркунучтуу жүктөрдү) ташуу эрежелеринин шарттарына ылайык иш-чараларды жүзөгө ашырууга милдеттүү.
10. Ушул Талаптар колдонууга киргизилгенге чейин иштелип чыккан жана (же) даярдалган таңгактоочу комплекттер үчүн иштеп чыгуу жана (же) даярдоо стадиялары үчүн сапатты камсыз кылуу программаларынын жоктугуна жол берилет. Мындай учурда эксплуатациялоодо сапатты камсыз кылуу программалары тиешелүү компенсациялоочу жоболорду камтууга тийиш: радиоактивдүү материалдарды ташууда кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерине ылайык бул материалдардын же таңгактоочу материалдардын башка коркунучтуу касиеттери кошумча эске алынууга тийиш.
Радиоактивдүү материалдардын же таңгактардын материалдарынын атмосфералык аба же суу менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында кооптуу касиетке ээ продукттардын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн да эске алуу керек.
11. Таңгактар төмөнкү типтерге классификацияланат:
- бошотулган таңгак – 8-таблицада көрсөтүлгөн маанилерден ашпаган активдүүлүк менен радиоактивдүү материалдарды камтыган таңгактоочу комплект. Мындай таңгактоочу комплекттин конструкциясы транспорттук таңгактоочу комплекттерге жана таңгактарга коюлган жалпы талаптарды канааттандырууга тийиш (ушул Талаптардын 47-пункту);
- 1-типтеги өнөр жай таңгагы (ӨТ-1) – ТҮА-I же БРБО-I материалды камтыган таңгактоочу комплект, анын конструкциясы транспорттук таңгактоочу комплекттерге жана таңгактарга коюлган жалпы талаптарды канааттандырат (ушул Талаптардын 47-пункту);
- 2-типтеги өнөр жай таңгагы (ӨТ-2) – ТҮА-I, ТҮА-II, ТҮА-III же БРБО-II материалдарынын айрым түрлөрүн камтыган таңгактоочу комплект (5, 6-таблицалар), анын конструкциясы транспорттук таңгактоочу комплекттерге жана таңгактарга коюлган жалпы талаптарга (ушул Талаптардын 47-пункту), ошондой эле кошумча талаптарды (ушул Талаптардын 35–41-пункттары) канааттандырат;
- 3-типтеги өнөр жай таңгагы (ӨТ-3) – ТҮА-II же ТҮА-III материалдарынын айрым түрлөрүн камтыган таңгактоочу комплект (9-таблица), анын конструкциясы транспорттук таңгактоочу комплекттерге жана таңгактарга коюлган жалпы талаптарды (ушул Талаптардын 47-пункту) жана кошумча талаптарды (ушул Талаптардын 35–41-пункттары) канааттандырат;
- А типтеги таңгак – өзгөчө түрдөгү радиоактивдүү материал үчүн же радиоактивдүү материалдын башка түрлөрү үчүн А2ге чейинки активдүүлүгү бар радиоактивдүү материалды камтыган таңгактоочу комплект, анын конструкциясы транспорттук таңгактоочу комплекттерге жана таңгактарга карата жалпы талаптарды (ушул Талаптардын 33-пункту), ошондой эле А типтеги таңгактарга карата талаптарды (ушул Талаптардын 46–62-пункттары) канааттандырат;
- В типтеги таңгак – өзгөчө түрдөгү радиоактивдүү материал үчүн А1 же башка түрлөр үчүн А2 ашкан радиоактивдүү материалды камтыган таңгак комплекти (ушул Талаптарга 1-тиркеме), анын конструкциясы B(U) же B(M) типтеги таңгактарга карата талаптарды канааттандырат (ушул Талаптардын 63–75-пункттары);
- С типтеги таңгак – өзгөчө түрдөгү радиоактивдүү материал үчүн активдүүлүгү 3000A1 же 100000A2 (кайсы мааниси төмөн экендигине жараша) жана башка радиоактивдүү материалдар үчүн 3000A2 ашык радиоактивдүү материалды камтыган таңгактоочу комплект (ушул Талаптардын 1-тиркемеси), анын конструкциясы С типтеги таңгактарга болгон талаптарды канааттандырат (ушул Талаптардын 76-пункту).
12. Таңгактар ушул таңгактын конструкциясы үчүн уруксат берилген радиоактивдүү материалдарды гана камтышы керек. Мындан тышкары, жүктөлгөн радиоактивдүү материалдардын санына жана параметрлерине карата төмөнкү жалпы талаптар сакталышы керек:
бошотулган таңгактар:
– табигый урандан, байытылбаган урандан же табигый торийден башка радиоактивдүү материал үчүн бошотулган таңгакта активдүүлүгү төмөнкү маанилерден ашкан радиоактивдүү материал болбошу керек:
– 8-таблицанын 2 жана 3-тилкелеринде көрсөтүлгөн чектер тиешелүүлүгүнө жараша ар бир өзүнчө предмет жана ар бир таңгак үчүн прибордо камтылган же прибордун же саат же электрондук аппаратура сыяктуу башка өнөр жай буюмунун бөлүгү болуп саналган радиоактивдүү материал үчүн;
– жогоруда көрсөтүлгөн түрдө колдонулбаган радиоактивдүү материал үчүн 8-таблицанын 4-тилкесинде көрсөтүлгөн активдүүлүк чектери;
2) эгерде урандын же торийдин сырткы бети металлдан же башка бышык материалдан жасалган радиоактивдүү эмес кабык менен капталган шартта бошотулган таңгак табигый урандан, байытылбаган урандан же табигый торийден жасалган предметтердин каалаган саны камтылышы мүмкүн.
13. ӨТ-1, ӨТ-2 жана ӨТ-3 типтердеги таңгактар үчүн ТҮА же БРБО материалдарынын толук активдүүлүгү ушул Талаптардын 136-пунктунда көрсөтүлгөн нурлануу деңгээлинен жана 10-таблицада көрсөтүлгөн транспорт каражаты үчүн активдүүлүк чектеринен ашпоого тийиш.
14. В типтеги таңгактар төмөнкүлөрдү камтыбашы керек:
1) активдүүлүгү мындай конструкцияны таңгактоо үчүн уруксат берилген мааниден ашкан радиоактивдүү материалдар;
2) формасы, физикалык абалы, химиялык формасы же радионуклиддик курамы ушул конструкциянын таңгагы үчүн уруксат берилгенден айырмаланган жана таңгактын конструкциясына сертификаттарда (уруксат сертификаттарда) көрсөтүлгөн радиоактивдүү материалдар.
15. С типтеги таңгактар төмөнкүлөрдү камтыбашы керек:
1) активдүүлүгү мындай конструкцияны таңгактоо үчүн уруксат берилген мааниден ашкан радиоактивдүү материалдар;
2) формасы, физикалык абалы, химиялык формасы же радионуклиддик курамы ушул конструкциянын таңгагы үчүн уруксат берилгенден айырмаланган жана таңгактын конструкциясына сертификаттарда (уруксат сертификаттарда) көрсөтүлгөн радиоактивдүү материалдар.
16. Бөлүнүүчү ядролук материалдарды камтыган таңгактар төмөнкүлөрдү камтыбашы керек:
1) ушул конструкциянын таңгагы үчүн уруксат берилгенден айырмаланган ар кандай радионуклид же бөлүнүүчү материалдар;
2) массасы, формасы, физикалык абалы, химиялык формасы же мейкиндикте жайгашуусу ушул конструкциянын таңгагы үчүн уруксат берилгенден айырмаланган жана таңгактын конструкциясына сертификаттарда (уруксат сертификаттарда) көрсөтүлгөн бөлүнүүчү материалдар.
17. Таңгактагы уран гексафторидинин массасы таңгак колдонула турган заводдук системалар үчүн көрсөтүлгөн максималдуу таңгактоо температурасында толтурулбаган көлөмдү 5 %дан кем түзө турган мааниден ашпоого тийиш. Уран гексафториди катуу абалда болушу керек, ал эми таңгактын ички басымы ташуу үчүн берилгенде атмосфералык басымдан ашпашы керек.
18. Эгерде таңгак аны башка радиоактивдүү материал (тиешелүү сертификатта (уруксат сертификатта) көрсөтүлгөндөн айырмаланган) менен жүктөөдө ушул Талаптардын шарттарына жооп бере турган болсо, ага башка радиоактивдүү материалды жүктөөгө жаңы сертификат (уруксат сертификат) таризделген же колдонуудагы сертификатка (уруксат сертификатка) кошулган шартта жол берилет.
19. ТҮА-III материалы катуу болушу керек жана таӊгактын бардык курамын сыноодон өткөргөндө суунун активдүүлүгү 0,1 А2 ден ашпагыдай касиеттерге ээ болушу керек.
20. Өзгөчө түрдөгү радиоактивдүү материал кеминде бир габариттик өлчөмү 5 мм кем болбоого тийиш.
21. Өзгөчө түрдөгү радиоактивдүү материал төмөнкүдөй касиеттерге ээ болушу керек:
1) ал МАГАТЭнин коопсуздук ченемдеринин (Радиоактивдүү материалдарды коопсуз ташуу эрежелери. 2018-жылдагы басылма) Сыноолор тартибинин VII бөлүмүндө көрсөтүлгөн кагылышуу, сокку жана ийилүү сыноолорунда (колдонууга жараша) сынбашы же бузулбашы керек;
2) ал МАГАТЭнин коопсуздук ченемдеринин (Радиоактивдүү материалдарды коопсуз ташуу эрежелери. 2018-жылдагы басылма) Сыноолор тартибинин VII бөлүмүндө көрсөтүлгөн жылуулук сыноолордо (колдонууга жараша) эрибеши же чачырабашы керек;
3) МАГАТЭнин коопсуздук ченемдеринин (Радиоактивдүү материалдарды коопсуз ташуу эрежелери. 2018-жылдагы басылма) Сыноолор тартибинин VII бөлүмүнө ылайык щелочтон тазалоого сыноолордон кийин суунун активдүүлүгү 2 кБк (50 нКи) ашпоого тийиш. Альтернатива катары жабык булактар үчүн ИСО 9978 эл аралык стандартында “Радиациядан коргоо – Жабык радиоактивдүү булактар – Агып чыгууга сыноо методдору” көрсөтүлгөн көлөмдүк агып чыгууну баалоо методу менен тиешелүү сыноолордон кийин агып кетүү деңгээли сертификат (уруксат сертификат) берилгенде макулдашылган тиешелүү жол берилген чектен ашпоого тийиш.
22. Эгерде радиоактивдүү материалдын өзгөчө түрүнүн курамдык бөлүгү герметикалык капсула болуп саналса, анда ал ажыратылбас болуш керек.
23. Чачылуу жөндөмү төмөн радиоактивдүү материал ушундай касиеттерге ээ болушу керек, мында көрсөтүлгөн коргоосуз радиоактивдүү материалдын бардыгынан 3 м аралыкта нурлануу деңгээли 10 мЗв/сааттан (1000 мбэр/саат) ашпоого тийиш.
24. Таңгактын конструкциясы массасын, көлөмүн жана формасын эске алуу менен жүктөө, түшүрүү жана ташуу учурунда аны менен иштөөнүн жөнөкөйлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Мындан тышкары, таңгак ташуу учурунда транспорт каражатында талаптагыдай түрдө бекитиле тургандай кылып куралышы керек.
25 Таңгакты жылдыруу (көтөрүү) үчүн арналган таңгактагы бекитүү элементтери эксплуатациялоо боюнча нускамага ылайык колдонулганда иштен чыкпашы керек, ал эми алар бузулган учурда таңгак ушул Талаптардын жоболоруна таңгактын тибине жараша жооп берүүгө тийиш. Таңгакты жулкуп жылдырган (көтөргөн) учурда запастагы коэффициенттер (бекемдиги боюнча ж.б.) эске алынууга тийиш.
26. Таңгактын тышкы бетинде жайгашкан, аны жылдыруу (көтөрүү) үчүн (уруксат берилген же берилбестен) колдонууга мүмкүн болгон жабдуулар ушул Талаптардын 28-пунктуна ылайык анын массасына чыдашы керек же ташуу учурунда алар алып салынууга же башкача жол менен колдонууга жараксыз жасалууга тийиш.
27. Таңгактоочу комплект сырткы бети чыгып турган бөлүктөрү жок жана зыянсыздандыруу кыйын болбогудай, ал эми сырткы бетинин конструкциясы суунун топтолушуна жол бербегидей дээрлик мүмкүн болушунча иштелип чыгышы жана жасалышы керек.
28. Ташуу учурунда таңгакта жайгашкан жана таңгактын бир бөлүгү болуп эсептелбеген бекитүүчү элементтер анын коопсуздугун ушул Талаптардын жоболоруна ылайык келбей калгыдай деңгээлде начарлатпоого тийиш.
29. Таңгак кулпулоочу түзүлүштөрдүн натыйжалуулугу же бардык таңгактын бүтүндүгү кандайдыр бир начарлабастан, ташуунун кадимки шарттарында пайда болушу мүмкүн болгон кандай болбосун ылдамдоонун, вибрациянын же резонанстын таасирине туруштук берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Гайкалар, болттор жана башка бекитүүчү элементтер көп жолу колдонулганда да алар өзүнөн өзү бошоп кетпегидей курулушу керек.
Ылдамдоолордун максималдуу маанилери катары 1-таблицада көрсөтүлгөн транспорттун ар кандай түрлөрү үчүн максималдуу ылдамдоолор кабыл алынат.
Транспорттун түрү | Максималдуу ылдамдоолор, g | ||
узунунан | капталдан | вертикалдуу | |