Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги
15-сессиясы
2026-жылдын 22-январы №15-1
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бекитилген бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Акуловдин отчетун угуп жана талкуулап чыгып, сессияга катышкан депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Акуловдун отчету канааттандырылсын.
2.Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнү толуктап, чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлгөн чыгымдардан максаттуу пайдаланып, керексиз чыгымдарды кыскартууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Акуловго 6 ай ичинде аткарылган иштери боюнча толук маалымат берилсин.
4.Өндүрүлбай калган салыктарды МФЖ, айыл чарба жерлеринен ижарага акыларды толугу менен өндүрүп, кошумча киреше булактарын таап, бюджетти жогулатуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Акуловге жүктөлсүн.
5.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө бекитилген жылдык жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрү пайда болгон учурда айылдык кеңештин бюджет маселери боюнча туруктуу комиссиясына кайрылуу жагы белгиленсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет маселери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Акуловго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |