Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги
15-сессиясы
2026-жылдын 22-январы №15-2
“Дөбө-Коргон Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Касимовдун калкты таза суу менен камсыздоодо таза сууга белгиленген кызмат акысын белгилөө боюнча билдирүүсүн кароо жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу “Дөбө-Коргон Тазалык” муниципалдык ишканасы 2023-жылдын 21-январь айындагы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү тарабынан макулдашылган таза сууга акы алып кызмат көрсөтүүнүн прейскуранты жана кызмат акы тарифи боюнча ишкананын жетекчиси М.Касимовдун билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл аймагынын калкын 2026-жылдар ичинде (жаңы конуштарды кошуп) 100 пайыз таза ичимдик суусу менен камсыздоо боюнча толук иш алып баруусу “Дөбө-Коргон Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Касимовго тапшырылсын.
2. “Дөбө-Коргон Тазалык” муниципалдык ишканасынын калкты таза ичимдик суусу менен камсыздоодо кызмат акысы төмөндөгүдөй болуп белгиленсин.
- Үйүнүн ичинде ичүүчү суу түтүкчөсү бар бир кожолуктарга-250 (эки жүз элүү) сомдон.
- Көчөдөн ташып ичкен бир кожолуктарга-150 (жүз элүү) сомдон.
- айыл аймагынын айлана чөйрөсүн, тазалыгын сактоодо, таштандыларды ташып чыгарууда техникаларын жетишсиздиги үчүн 1 кап таштандыга 40 (кырк) сомдон;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана ишкананын жетекчиси М. Касимовго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |