Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги
15-сессиясы
2026-жылдын 22-январы №15-4
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин кирешесинин калдыгы жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин кирешесинин калдыгы 2026-жылдын 1-январына карата 6 990,100 миң (алты миллион тогуз жүз токсон миң бир жүз) сом, атайын эсептен 861700 (сегиз жүз алтымыш бир миң жети жүз ) сом, бюджеттик эсептен калдыгы 6128,400 (алты миллион бир жүз жыйырма сегиз миң төрт жүз) сом калдык калгандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Акуловдун билдирүүсүн угуп, айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Дөбө-Коргонайылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбө-Коргонайыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин киреше боюнча калдыгы 6990,1 миң(алты миллион тогуз жүз токсон миң бир жүз) сом акча каражатын пайдалануусу 1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Дөбө-Коргонайыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата киреше боюнча калдыгын пайдалануусу боюнча Каржы министрлигинин Араван райондук финансы экономика башкармалыгына смета түзүп, тапшыруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Акуловго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө таршырылсын.
Төрага: | А. Сатвалдиев |