Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги
15-сессиясы
2026-жылдын 22-январы №15-6
Тепе-Коргон айылындагы Шаршемби базарын ошол айылдагы Маданият үйүнүн имаратынын сыртындагы аянтка көчүрүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы У. Кадыровдун сунушун кароо жөнүндө
Тепе-Коргон айылындагы Шаршемби базарын унаалардын жүрүүсүнө тосколдук көрсөткөндүктөн ошол айылдагы Маданият үйүнүн имаратынын сыртындагы аянтка көчүрүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы У. Кадыровдун сунушун депутаттар угуп жана талкуулап, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Тепе-Коргон айылындагы Шаршемби базарын ошол айылдагы Маданият үйүнүн имаратынын сыртындагы аянтка көчүрүлсүн.
2.Шаршемби базарында соодо кылган соодогерлерге шарт түзүү, санитардык талаптарга ылайык кетирүү, базар бүткөндөн кийин тазалоо “Дөбө-Коргон тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы М. Касимовго жүктөлсүн.
3. Шаршемби базарында соодо кылган унааларга карап: портерге 150 (жүз элүү) сом, жеңил унаага 100 (жүз) сом төлөнүү болуп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы У. Кадыровго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |