Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги
15-сессиясы
2026-жылдын 22-январы №15-7
Уйгур-Абад айылындагы А. Эрматов көчөсүнүн №16/1 дарегинде жайгашкан турак жайдын жер тилкесин бир бөлүгүнүн 322,6 чарчы жайдын жер тилкесин соода сатык дүкөнү үчүн өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы жөнүндө
Уйгур-Абад айылындагы А. Эрматов көчөсүнүн №16/1 дарегинде жайгашкан турак жайдын жер тилкесин бир бөлүгүнүн 322,6 чарчы жайдын жер тилкесин соода сатык дүкөнү үчүн өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери каралып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси” 12-беренеси жана “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоо жана курууга башка өзгөртүү киргизүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн обьекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 6-август 2021-жылдын №114 токтомун жетекчиликке алып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Разаков Махаматкодир Эргашбаевич Уйгур-Абад айылынын А. Эрматов көчөсүндөгү №16/1 дарегинде жайгашкан турак жайдын жер тилкесин бир бөлүгүнүн багытын соода сатык дүкөнү үчүн өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Уйгур-Абад айылынын А.Эрматов көчөсүнүн тургуну Разаков Махаматкодир Эргашбаевич А. Эрматов көчөсүнүн №16/1 дарегинде жайгашкан турак жайдын бир бөлүгүнүн 322,6 чарчы жайдын жер тилкесин соода сатык дүкөнү үчүн өзгөртүп берүүдө Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесинин багытын өзгөртүрүп берүү жагы сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |