Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги
15-сессиясы
2026-жылдын 22-январы №15-8
Тепе-Коргон айылындагы борбордук чайкананын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кайрадан аукцион өткөрүүгө айыл өкмөтүнүн башчысы У. Кадыровдун сунушун кароо жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы У. Кадыровдун Тепе-Коргон айылындагы борбордук чайкананын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кайраданаукционго коюу боюнча сунушун депутаттар угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасы Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы 243-токтому бекитилгендиги жана 2007-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасы Өкмөтүнүн 1997-III токтом негизинде иштелип чыгылган типтүү жобого ылайык, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тепе-Коргон айылындагы борбордук чайкананын мөөнөтү аяктангандыгына байланыштуу кайрадан аукцион өткөрүп ижарачыга мыйзамдаштырып берүү боюнча иш алып барууга макулдук берилсин.
2. Азыркы учурда борбордук чайкананын баштапкы баасы 10 000 (он миң) сом болуп белгиленсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүн жер адисине жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |