Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги
15-сессиясы
2026-жылдын 22-январы №15-9
Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрында №12-7 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Чертик айылындагы №290 контурдагы 0,50 га жер аянты сугат айдоо болгондуктан токтомго өзгөртүүлөр киргизүү боюнча айыл өкмөт башчысын билдирүүсү менен ошол айылдан №304 контурдагы 0,30 га жер тилкесин ижарага берүүнү сурап жазган сунушун, КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомуна жана “Жер кодексинин” 20-беренесине ылайык, депутаттар угуп жана талкуулап, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жеке ишкер Мамадалиев Даниярга Чертик айылынан №304 контурундагы пайдаланууга ыңгайсыз жайыт жерлерине 0,30 га жер тилкесин ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2.Чертик айылындагы мал ферма курууга ажыратылган жер тилкесине мыйзам чегинде тиешелүү документтерин даярдоо айыл өкмөттүн жетекчилигине сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы У. Кадыровго жана жер адиси А. Эргашовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Сатвалдиев |