Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги
15-сессиясы
2026-жылдын 22-январы №15-10
Тепе-Коргон айылындагы М. Умаров көчөсүнүн №257/1 дарегинде жайгашкан турак жайдын жер тилкесин багытын 131,10 чарчы жайдын жер тилкесин соода сатык дүкөнү үчүн өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы жөнүндө
Тепе-Коргон айылындагы М. Умаров көчөсүнүн №257/1 дарегинде жайгашкан турак жайдын жер тилкесин багытын 131,10 чарчы жайдын жер тилкесин соода сатык дүкөнү үчүн өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери каралып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси” 12-беренеси жана “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоо жана курууга башка өзгөртүү киргизүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн обьекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 6-август 2021-жылдын №114 токтомун жетекчиликке алып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Насиржанов Улугбек Илхомжонович Тепе-Коргон айылынын М. Умаров көчөсүндөгү №257/1 дарегинде жайгашкан турак жайдын жер тилкесин багытын соода сатык дүкөнү үчүн өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тепе-Коргон айылынын М. Умаров көчөсүнүн тургуну Насиржанов Улугбек Илхомжонович М. Умаров көчөсүнүн №257/1 дарегинде жайгашкан турак жайдын 131,10 чарчы жайдын жер тилкесин багытын соода сатык дүкөнү үчүн өзгөртүп берүүдө Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесинин багытын өзгөртүрүп берүү жагы сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |