Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги
15-сессиясы
2026-жылдын 22-январы №15-11
Дөбө-Коргон айыл аймагындагы калкты таза ичимдик суусуна болгон муктаждыктарын чечүү жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл өкмөтү аймагындагы инфраструктурасын жакшыртууда, калкты таза ичимдик суусу менен камсыздоодо аткарылуучу иштерге жергиликтүү бюджетинин каражаттары жетишсиз болгондуктан айыл өкмөт 2027-жылга Тепе-Коргон айылы, Жаңы-Жол айылы, Беш-Кабырга жана Лохочы участкаларын таза суу менен камсыз кылуу үчүн проекттерин 2026-жылдын ноябрь айына даярдап өнүктүрүү фонддорго тапшырылуусун угуп жана талкуулап, сөзгө чыккан депутаттардын ой пикирлерин, суроо талаптарын эске алуу менен Дөбө-Коргон айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2027-жылга Тепе-Коргон айылы, Жаңы-Жол айылы, Беш-Кабырга жана Лохочы участкаларын калктын таза сууга болгон муктаждыктарын чечүү үчүн проекттерин 2026-жылдын ноябрь айына чейин даярдоо жана проект жасатканы жергиликтүү бюджетинен 800 000 (сегиз жүз миң ) сом акча каражаты берилсин.
2.Калкты таза ичимдик суусу менен камсыздоодо атайын таза ичимдик суу багытында иш алып барып жаткан фонддор аркылуу долбоорлор жаздыруу айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кадыровго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |