Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги
15-сессиясы
2026-жылдын 22-январы №15-12
Дөбө-Коргон айыл аймагындагы 2026-жылга карата проекттер жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктын дең-соолугу мамлекеттин байлыгы катары коомдук маанилүүлүгүн эске алып жана келечек муундардын билимдүү, эркин өсүп өнүгүүсүнө салым кошуу максатында 2026-жылга карата Тепе-Коргон айылындагы №4 борбордук ооруканага, Жаңы-Абад айылындагы ФАПка жана “Көз мончок” МЧБУга жасалуучу проекттер жөнүндө маалымат угуп жана талкуулап, сөзгө чыккан депутаттардын ой пикирлерин, суроо талаптарын эске алуу менен Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тепе-Коргон айылындагы №4 борбордук ооруканага проект жасатканы жергиликтүү бюджетинен 200 000 (эки жүз миң ) сом акча каражаты берилсин.
2.Жаңы-Абад айылындагы ФАПка проект жасатканы жергиликтүү бюджетинен 300 000 (үч жүз миң ) сом акча каражаты берилсин.
3.Кайрагач-Арык айылындагы “Көз мончок” МЧБУга проект жасатканы жергиликтүү бюджетинен 600 000 (алты жүз миң ) сом акча каражаты берилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика,бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы У. Кадыровго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |