Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги
15-сессиясы
2026-жылдын 22-январы №15-13
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө мал-жандыктардын өлүктөрүн өрттөөчү (крематорий) сатып алуу жөнүндө
Күн тартибиндеги ар түрдүү маселелерде каралган Дөбө-Корон айыл өкмөтүнө мал-жандыктардын өлүктөрүн өрттөөчү (крематорий) боюнча маселе айылдык кеңештин депутаттары тарабынан талкуулап, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө мал-жандыктардын өлүктөрүн өрттөө (крематорий) үчүн керектелүүчү каражат Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Ош облусунун өнүктүрүү (үлүштүк) фонду боюнча комиссиясынан суралсын.
2.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө мал-жандыктардын өлүктөрүн өрттөө (крематорий) үчүн Ош облусунун өнүктүрүү (үлүштүк) фондунун алкагында айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн салымы катары макулдук берилсин.
3.Жогорудагы долбоорду ишке ашырууга мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милденттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |