Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги
15-сессиясы
2026-жылдын 22-январы №15-14
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Кайрагач-Арык айылынын Махамматов 1, Махамматов 2 көчөсүнүн 1080 метр аралыктагы жолду капиталдык оңдоп түздөөдөн өткөрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги ар түрдүү маселелерде каралган Дөбө-Корон айыл өкмөтүнүн Кайрагач-Арык айылындагы Махамматов 1, Махамматов 2 көчөсүнүн 1080 метр аралыкта капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү боюнча маселе айылдык кеңештин депутаттары тарабынан талкуулап, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Кайрагач-Арык айылындагы Махамматов 1, Махамматов 2 көчөсүнүн 1080 метр аралыкта капиталдык оңдоп түздөө үчүн керектелүүчү каражат Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Ош облусунун өнүктүрүү (үлүштүк) гранттар боюнча комиссиясынан суралсын.
2.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Кайрагач-Арык айылындагы Махамматов 1, Махамматов 2 көчөсүнүн капиталдык оңдоп түздөөгө Ош облусунун өнүктүрүү фондунун алкагында айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн салымы катары макулдук берилсин.
3.Жогорудагы долбоорду ишке ашырууга мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милденттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |