Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз
16-сессиясы
2026-жылдын 12-февралы № 16-1
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы У. Кадыровдун сунушу менен айылдык кеңешинин 2026-жылдын 22-январындагы 2-чакырылышынын кезектеги 15-сессиясынын №15-3 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кадыровдун сунушу менен айылдык кеңешинин 2026-жылдын 22-январындагы 2-чакырылышынын кезектеги 15-сессиясынын №15-3 токтомуна бала бакчалардын атайын каражаттары 16 070000(он алты миллион жетимиш миң) сом ажырытылбай калганын белгилеп, токтомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жана 47-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүүдө бала бакчалардын атайын каражаттары 16 070 000 (он алты миллион жетимиш миң) сом эске алынсын.
2.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн 2026-2027-2028-жылдарга айыл өкмөтүнүн негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын. 2026-2027-2028-жылдарга Республикалык бюджетинен берилуучу тендөөчү гранттынын болжолу 2026-жылга 20327,0 миң сом жана 2027-жылга 20327,0 сом жана 2028-жылга 20327,0 миң сомго белгиленсин жана ар бир бюджеттик жылда тактоого алынсын.
3.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджетинин жалпы көлөмү кирешелер, чыгашалар 67781,5 миң (алтмыш жетти миллион жети жүз сексен бир миң беш жүз ) сом менен бекитилсин. Анын бардыгы жергиликтүү бюджет экендиги белгиленсин. Айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинин киреше булактары жана чыгашаны каржылоого каражаттар №1 тиркемеге ылайык белгиленсин.
4.Чыгымдарды каржылоо боюнча биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, тамактануу жана жеңилдиктер) ошондой эле коммуналдык чыгымдарга каржылансын. Чыгашалардын корголгон беренелери штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Чыгашалардын корголгон беренелерин штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик айыл өкмөтүнүн Финансы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
5.Дөбө-Коргон айылдык кеңшинин атайын каражаттарынын, казналык системасынан тышкары пайдалануусуна тыюу салынсын. Айыл өкмөтүнүн атайын эсебине (спец. счет) айыл өкмөтүнүн муниципалдык
балдар бакчаларын жетекчилеринин протоколу негизинде тарбиялануучу балдардын ата-энелеринин бюджетинен бир балага тамак-аш үчүн ай сайын орточо 1155 (бир миң бир жүз элүү беш)сом белгиленсин.
6.Дөбө-Коргон айылдык кеңшине караштуу болгон жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жайыт комитеттери менен «келишим» түзүлсүн жана жайыт жерлеринен пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн №14152200 «Жайыт жерлеринен пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр» беренесине толугу менен чегерилсин.
7.Жайыт жерлериден түшкөн 445000 (төрт жүз кырк беш миң) сом жайыт комитеттеринин чыгашаларына жана жайыт комитетинин эсебине которуп берилсин.
8. Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн администрациясы төмөнкүлөргө милдеттүү;
- эгерде бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесине өзгөртүү киргизүүгө;
- кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүүлөрүн эсебинен айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга;
- киргизилген өзгөртүүлөр Дөбө-Коргон айылдык кеңеши тарабынан каралып,
токтом кабыл алат.
9. Айылдык бюджетке чегерүүлөр кирешелерден алынуучу салык (подоход налог) боюнча 100%, жер казынасынан пайдалануу укугун берүү үчүн жыйын 7% жана роялти 50% өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерилсин. Патенттерден түшүүчү киреше, МФЖ нин ижара акысы, кыймылсыз мүлк салыгы толугу менен 100% өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерилсин.
10. Дөбө-Коргон айылдык кеңешине караштуу Лангар,Интерноциональ, Жаңы- Абад, Жаңы-Жол, Кесов, Чертик, Арап, Тепе -Корган ,Уйгур- Абад, Какир-Пилтан, Кайрагач- Арык айылдарына бардыгы болуп 11 айыл башчы штатык жана келишим негизинде 8 штат белгиленсин.
11. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Т. Акуловгө, ал эми аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |