Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз
16-сессиясы
2026-жылдын 12-февралы № 16-2
Дөбө-Коргон айыл аймагындагы 2026-жылга карата Жаңы-Абад айылындагы ФАПка проект долбоор жасатуу жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктын дең-соолугу мамлекеттин байлыгы катары коомдук маанилүүлүгүн эске алып жана келечек муундардын билимдүү, эркин өсүп өнүгүүсүнө салым кошуу максатында 2026-жылга карата Жаңы-Абад айылындагы ФАПка жасалуучу проект жөнүндө маалымат угуп жана талкуулап, сөзгө чыккан депутаттардын ой пикирлерин, суроо талаптарын эске алуу менен, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Абад айылындагы ФАПка проект жасатканы жергиликтүү бюджетинен 150 000 ( жүз элүү миң ) сом акча каражаты берилсин.
2. Жаңы-Абад айылындагы ФАПка проек жасатканы тиешелүү документтерин даярдоо айыл өкмөттүн жетекчилигине сунушталсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика,бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы У. Кадыровго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |