Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
2026-жылдын 5-марты № 8/1
Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштеринин абалы жана 2026-жылга милдеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 5-главасынын 50-“Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары жөнүндөгү” беренесине жана ушул эле мыйзамдын 51-“Айыл өкмөтүнүн компетенциясы” беренесинин 1-пунктуна, айылдык кеңештин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана 2026-жылга милдеттери тууралуу Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын отчетун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери тууралуу отчету айрым кемчилдиктери менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
2.Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Рахманберди уулуна:
-айыл аймагын өнүктүрүү боюнча айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын ишке ашырууну камсыз кылсын;
-айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлор, коомдук эмес уюмдар жана демөөрчүлөр менен иш алып барууну колго алсын;
-дем берүүчү гранттык комиссияга, облустук жана райондук өнүктүрүү фонддоруна бештен кем эмес долбоор сунуштоо менен иш алып барсын,
-санариптештирүүнүн негизинде калкка маалыматтык кызмат көрсөтүүнү жөнөкөйлөштүрүп, КР Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык өздүгүн тактоочу документтерди “Санарип Аймак” базасы аркылуу жеринде берүүнү уюштурсун,
-СЭД, Е-Кызмат жана Инфодокс программаларды ишке киргизүү менен кызматкерлер, мекемелер ортосунда электрондук документ жүргүзүү алакасын өркүндөтүү, жарандарды электрондук базага киргизүү жумуштарын айыл өкмөтүндө жүргүзүүнү камсыз кылсын,
-балдар менен иш алып барууга өзгөчө көңүл буруп, ата-энелери миграцияда жүргөн балдардын электрондук базасын түзүп, турмуш шарты оор үй-бүлөөлөр менен жакындан иш алып барууну колго алсын,
-калкты сапаттуу ичүүчү таза суу менен камсыз кылууну жана суу төлөмдөрүн өз убагында төлөөнү уюштурсун,
- “Ылай-Талаа Тазалык – Таза суу - Жайыт” МИнын ишин жандандырып, сугат суу менен камсыздоону, жаңыдан алынган атайын техника менен жайлоонун, чөп орунду жолдорун оңдоону, ички арыктарга копатель алууну уюштурсун,
-таштандыларды ташып чыгуу боюнча “Ылай-Талаа Тазалык – Таза суу - Жайыт” муниципалдык ишканасына ар тараптуу көмөк көрсөтүү менен долбоор аркылуу жаңы атайын техника (мусоровоз) алуу жагын колго алсын,
-КБФнун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүүнү колго алуу;
-жайыттарды, эгин талааларды коргоону, оруп-жыюу маселелерин жөнгө салууну уюштурсун,
-жайлоодон көчүп келүү жагын тартипке салуу, колдонуудагы көпүрөлөрдүн, ички чарбалык жолдордун абалын жакшыртуу, жарыктандыруу сыяктуу маселелерди колго алсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Мойдунов |