Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
2026-жылдын 5-марты № 8/2
Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 5-главасынын 50-“Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары жөнүндөгү” беренесине жана ушул эле мыйзамдын 51-“Айыл өкмөтүнүн компетенциясы” беренесинин 1-пунктуна, айылдык Кеңештин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын маалыматын, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгү 49 916,9 миң сомго, чыгаша бөлүгү 52 263,1 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Мойдунов |