Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
2026-жылдын 5-марты № 8/3
Ылай-Талаа айыл аймагындагы сугат суу пайдалануучулардын тарифин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 2-главасынын 25-беренесинин 3-“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары менен ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык, экономикалык жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша дифференциялоо” жөнүндөгү беренесине жана айылдык кеңештин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.4-пунктуна ылайык, Ылай-Талаа айыл аймагында сугат сууну пайдалануу акысынкайраданбекитип берүү боюнча Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси-юристи А. Абакировдун Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгынын 12.02.2026-жылдагы №01-17/48 чыгуу санындагы катынын негизинде берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ылай-Талаа айыл аймагындагы огород жана үлүш жерлерге сугат сууну жеткиликтүү камсыз кылуу менен сугат суу пайдалануучулардын тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- сугат суу аянттарына 1 га жер аянтына 1000 сом.
2.Ылай-Талаа айыл аймагындагы тургундардын сугат суу аянттарына ички арыктарды жаңылап тарттырып сугат суу менен камсыз кылууну уюштуруу жана тургундардан сугат суу акыларын жыйноодо Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгына көмөктөшүү жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Рахманберди уулуна милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешининагрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы тапшырылсын.
Төрага | А. Мойдунов |