Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
2026-жылдын 5-марты № 8/4
Ылай-Талаа айыл аймагындагы калктуу конуштардан катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгуу жыйымын жыйноону ишке ашыруу боюнча анын өлчөмүн, мөөнөтүн бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү” Кодексинин 24-главасынын 74,76-беренелерин жетекчиликке алып Ылай-Талаа айыл аймагындагы калктуу конуштардан катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгуу жыйымын жыйноону ишке ашыруу боюнчаЫлай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси-юристи А.Абакировдун Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгынын 18.02.2026-жылдагы №01-01-4/148 чыгуу санындагы катынын негизинде берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ылай-Талааайыл аймагындагы калктуу конуштардан катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгуу жыйымынын жылдык өлчөмү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- айыл аймагындагы бюджеттик мекеме-уюмдары үчүн – 5000 сом;
- айыл аймагынын тургундарына ар бир кожолук үчүн – 1800 сом;
- айыл аймагындагы коомдук тамактануу жайларга, соода түйүндөрүнө, кызмат көрсөтүүчү жана башка коммерциялык багыттагы жайларгасоода-сатык ж.б. мекемелери үчүн тиркемеге ылайык.
2.Ылай-Талаа айыл аймагындагы калктуу конуштардан катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгуу жыйымын жыйноону ишке ашыруу мөөнөтү учурдагы жылдын 1-апрелине чейин деп белгиленсин.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин мамлекеттик реестрине катталсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Мойдунов |