Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
2026-жылдын 5-марты № 8/5
Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин пайдаланылбай калган калдык каражатын 2026-жылдын бюджетине, анын атайын төлөм каражаттар беренесине кошуу менен жыл ичинде чыгымдоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 2-главасынын 27-“Жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу жөнүндөгү” беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин” VI бөлүмүнүн 9-главасынын 47-беренесинин 1-пунктуна Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин пайдаланылбай калган калдык каражаты тууралуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошованын маалыматын, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган бюджетинин пайдаланылбай калган 418 993 (төрт жүз он сегиз миң тогуз жүз токсон үч) сом жана атайын төлөм каражаттарынын 726 168 (жети жүз жыйырма алты миң бир жүз алтымыш сегиз) сом акча каражатын төмөндөгү зарыл деп эсептелген жумуштарды аткаруу үчүнчыгымдоого макулдук берилсин:
- Айыл чарбасын каттоо иштерине – 70,0 миң сом;
- Ылай-Талаа айылындагы аламан улак чаба турган аянтчаны тегиздөөгө күйүүчү майына – 100,0 миң сом;
- Токбай-Талаа айылындагы Т.Абдыкадыров көчөсүнүн тротуарынын, Шаркыратма айылындагы Ж.Айтбаев мектебинин спортзалынын курулушунун долбоорлорунда каралган технадзорлук кызматына – 100,0 миң сом;
-Токбай-Талаа айылына кире беришиндеги арканын архитектуралык жумуштарынын карызын төлөө үчүн – 45,0 миң сом.
- Сай айылынын Ак-Талаа участкасынын тургундарына ичүүчү таза суу чыгарып берген “Стройдизайн” ишканасынын карызын төлөө үчүн – 103 993 сом.
- Ата-энелердин эсебинен мектеп, бала бакчалардын тарбиялануучуларынын тамак-ашын атайын төлөм каражаттарынын эсебинен каржылоого – 726 168 сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадыркулов) тапшырылсын.
Төрага | А. Мойдунов |