Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
2025-жылдын 4-ноябры № 7/16
Ылай-Талаа айыл аймагында жыл аягына чейин зарыл түрдө аткарылуучу жумуштарга акча каражатын карап берүү жөнүндө
Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча түшүп жаткан кошумча каражаттарды сөзсүз аткарууга тийиш болгон жумуштарга чыгымдоо тууралуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун угуп, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына негизденип, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча түшүп жаткан кошумча каражаттар төмөндөгү маселелерди чечүү үчүн каржылоого макулдук берилсин:
- Токбай-Талаа айылындагы таштанды таштоочу жайдын айланасын бийиктетип тосуу боюнча долбоорго кирбей калган чыгымдары (цемент, шагыл жана уста акылары) үчүн – 320,0 миң сом;
- Ылай-Талаа айылындагы аламан улак чаба турган аянтчаны тегиздөөгө күйүүчү майына – 100,0 миң сом;
- Ылай-Талаа айылындагы А.Осмонов атындагы негизги мектебинин башталгыч класстар корпусун капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн республикалык дем берүүчү гранттык долбоорго сунушталып жаткан долбоордун ПСД сына – 55,0 миң сом;
- Айыл аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында адамды жүзүнөн тааный турган 360 градусту камтып иштөөчү 3 видеокамераларын алууга – 300,0 миң сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадыркулов) тапшырылсын.
Төрага | А. Мойдунов |