Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2026-жылдын 6-февралы № 1
Чек-Абад айылдык округунун 2026-жылга карата бюджетинин бекитүү жөнүндө
Чек-Абад айылдык округунун бюджетинин 2026-жылга пландаштыруу жана 2027-2028-жылдарга божомол планы каралып, айылдык округунун финансы бөлүмүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялары тарабынан жактырылгандыгын эске алып, Чек-Абад айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айылдык округунун бюджети кирешелер жана чыгашалар 2026-жылга 46678,1 миң сом,анын ичинен 10200,0 миң сом атайын каражат жана 2027- жылга 49304,5 миң сом, 2028 - жылга 52175,5 миң сом божомолу № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Чек-Абад айылдык округунун 2027-2028 жылдарга негизги каражаттарынын болжолу жактырылсын. Теңдештирүүчү грант боюнча божомол 2027 – 15211,2 мин сом, 2028 – 15211,2 мин сомго жактырылган айылдык округунун бюджетин божомолдуу параметрлери, алар кабыл алынган ар бир конкреттүү жылда тактоого алынсын.
3. Айыл өкмөтүнүн киреше булагына чегерүүлөр: - ишчи кызматчылардын эмгек акынан алынуучу киреше салыгынын 100 пайыз өлчөмүндө чегерилсин. жер салыгы ыктыярдуу жана мажбурдуу патенттен алынуучу салык, кыймылсыз мулк салыгы, бирдиктүү салык, КБФ жерлеринин ижара акысы 100 пайыз өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине чегерилсин.
4. Чек-Абад айылдык округуна караштуу болгон жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жайыт комитети менен келишим түзүлсүн жана төлөмдөр жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн № 14152200 «Жайыт жерлеринин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр» беренесине толугу менен чегерилсин.
5. 2026-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети менен бөлүнгөн теңдөөчү гранттын жалпы суммасынын өлчөмү 15211,2 миң сом белгиленип чыгашалардын жалпы суммасында жергиликтүү бюджети үчүн бекитилсин.
6. Чек-Абад айылдык округунун 2026-жылга бюджетинин киреше булактары жана чыгашанын каржылоого каражаттар № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Чыгымдарды каржылоого биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, тамактануу жана жеңилдиктер) ошондой эле коммуналдык чыгымдарды каржылоо боюнча жүргүзүлөт. Чыгашалардын каралган беренелери штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу өзгөрүшү мүмкүн. Чыгашалардын каралган беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Айылдык округунун атайын каражаттарды казналык системасынан тышкары пайдалануусуна тыюу салынсын. Айыл өкмөтүнүн атайын каражаты 10200,0 миң сом белгиленип, балдар бакчаларындагы ата-энелердин бир балага салымы ар бир келген күнүнө карата 60 сомдон орточо бир айга 1200-1260 сом өлчөмүндө белгиленсин.
9. Чек-Абад айыл кеңеши төмөнкүлөргө укуктуу:
Эгерде бул айылдык бюджетинен киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдун 3-беренесинде бекитилген суммалар ушул токтомдун тиркемесине ылайык өзгөртүү киргизүүгө;
Кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен айыл өкмөтүнүн бюджетин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга;
10. Айыл өкмөтүнүн кирешесин айыл өкмөтүнүн бюджетине пландуу түшүүлөрдүн чегерүүлөрү № 2 тиркемеге ылайык белгиленсин.
11. Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Коколопош, Толойкон, Жаркыштак, Жакшылык, Максым-Тобу, Агроном, Пахтачы айылдарына 4 штаттык бирдикте айыл башчылары бекитилсин.
12. Айылдык Кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы жана бюджетти толуктоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерге көмөк көрсөтүү милдеттендирилсин.
Төрага | Б.А. Нуралиев |