Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2026-жылдын 27-февралы № 1
Айылдык маданият үйү жана китепканаларды каттоодон өткөрүү жөнүндө
Чек-Абад айылдык Кеңешинин депутаттары Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы жана Чек-Абад айыл аймагынын маданий-эстетикалык жактан өнүктүрүү жана жарандарды китепке болгон кызыгуусун арттыруу,келечек муундарды тарбиялоо иштерин өркүндөтүү максатында жана ошондой эле социалдык маселелер боюнча адистер,китепканачылардын билдирүүлөрүн угуп чыгып талкуулап,Кыргыз Республикасынын “Китепкана иши жөнүндө” Мыйзамына ылайык айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу № 1 Жакшылык айылдык жана №13 Кочубаев айылдык китепканасын, Кызыр-Абад айылдык маданият үйүнү мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө макулдук берилсин.
2.Жакшылык жана Кочубаев айылдык китепканалары жана Кызыр-Абад маданият үйүнүн уюштуруу иштери жана дакументтик аракеттери мыйзамга ылайык иштелип чыгылсын
3.Бул токтомдун Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чек-Абад айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чек-Абад айылдык Кеңешинин социалдик маселелер,билим берүү,саламаттыкты сактоо,маданият жана жалпыга маалымдоо каражаттары,жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
Төрага | Б.А. Нуралиев |