Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2026-жылдын 27-февралы № 2
Айылдардын аталышын кыргызча атоого өзгөртүү жөнүндө
Чек-Абад айылдык Кеңешинин депутаттары жана Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүлөрүн угуп чыгып талкуулап,Кыргыз Республикасынын администрациялык аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароо тартиби жөнүндөгү жобого ылайык, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чек-Абад айыл өкмөтүндө макамы бар бирок,кыргызча аталышта болбогон айылдардын аталышын кыргызча атоого,өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган иш боюнча уюштуруу иштери жана дакументтери аракеттери мыйзамга ылайык иштелип чыгылсын.
3. Бул токтомдун Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чек-Абад айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чек-Абад айылдык Кеңешинин жер маселелери жана жалпыга маалымдоо каражаттары,жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
Төрага | Б.А. Нуралиев |