Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2026-жылдын 9-марты №1/1
Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Манас участкасынын тургуну
Ариков Максудтун арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Манас участкасынын тургуну Ариков Махсуд Маматовичтин жеке менчик 3166,0 м2 чарчы метр турак жай жеринен 132,0 м2 чарчы метр жерин коммерциялык багытка которуп берүү боюнча жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Манас участкасынын Т. Тагай көчөсүнүн тургуну Ариков Махсуд Маматовичтин жеке менчик 3166,0 м2 чарчы метр турак жай жеринен 132,0м2 чарчы метр жери идентификационный коду 5020410010268 коммерциялык багытка которуп берүү боюнча жазган арызы канааттандырылсын.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Манас участкасынын Т. Тагай көчөсүнүн тургуну Ариков Махсуд Маматовичтин жеке менчик 3166,0м2 чарчы метр турак жай жеринен132,0 м2 чарчы метр жери идентификационный коду 5020410010268 коммерциялык багытка которууга жана кайра пландаштырууга уруксат берүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абсатар уулу Мунарбек |