Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2026-жылдын 10-марты №1/2
Чөгөм айылынын тургуну А. Орозмаматовдун жазган
арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Чөгөм айылынын тургуну А.Орозмаматовдун жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 391-беренесине ылайык Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Чөгөм айылынын тургуну А.Орозмаматовдун жердин багытын өзгөртүп берүү боюнча жазган арызы канааттандырылсын.
2.Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Чөгөм айылынын тургуну А.Орозмаматовдун жеке менчик 2386,0 чарчы метр турак жай жерин айыл чарба багытына которуу жана кайра пландаштыруу иштерин мыйзам чегинде жүргүзүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абсатар уулу Мунарбек |