Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2026-жылдын 12-марты №1/4
Керме-Тоо айыл аймагындагы борбордук маданият үйүн кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңеши Гүлбаар айылынын борбордук маданият үйүн маданий-эстетикалык жактан өнүктүрүү жана жаштарга кыргыздын маданий баалуулуктарын таанытуу, келечек муундарга туура багыт көрсөтүү максатында, жергиликтүү жарандардын билдирүү, талаптарын угуп, талкуулап, жетекчиликке алып, талапка ылайык мамлекеттик каттоодон өткөрүү максатында, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл аймагындагы Гүлбаар айылынын борбордук маданият үйүн талапка ылайык келечек муундарды туура тарбиялоо демилгесин колдоо максатында мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу борбордук маданият үйүнүн иш аракеттерин уюштуруу жана документтик иш кагаздарын мыйзамга ылайык иштеп чыгуу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Абсатар уулу Мунарбек |