Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2026-жылдын 12-марты №1/5
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын тургуну
Ташполот уулу Куштарбектин арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын С. Эшматов көчөсүнүн №70/6 тургуну Ташплот уулу Куштарбектин жалпы жеке менчик 770,00 чарчы метр жеринен, 470,00 чарчы метр жерин коммерциялык багытка которуп берүү боюнча жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын С. Эшматов көчөсүнүн №70/6 тургуну Ташполот уулу Куштарбектин жеке менчик турак жай жерин 470,00 чарчы метр жери идентификационный номери 5-02-04-1008-1786 коммерциялык багытка которуп берүү боюнча жазган арызы канааттандырылсын.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын С. Эшматов көчөсүнүн №70/6 тургуну Ташполот уулу Куштарбектин жеке менчик турак жай жерин 470,00 чарчы метр жери идентификационный номери 5-02-04-1008-1786 коммерциялык багытка которууга жана кайра пландаштырууга уруксат берүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абсатар уулу Мунарбек |