Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз он экинчи сессиясынын жыйналышы
2025-жылдын 25-ноябры № 12/1
Кара-Гуз айыл аймагынын Кара-Жыгач айылындагы Э. Абдылдаев, А. Алдашов жана Н. Эргешов атындагы көчөлөрүн жарыктандыруусу үчүн түрткү берүүчү грантка өткөрүүгө өздүк салымга Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл аймагынын Кара-Жыгач айылындагы Э. Абдылдаев, А. Алдашов жана Н. Эргешов атындагы көчөлөрүн жарыктандыруусу үчүн түрткү берүүчү грантка жазылган долбоорунун маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Гуз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач айылындагы Э. Абдылдаев, А. Алдашов жана Н. Эргешов атындагы көчөлөрүнүн жарыктандыруусу үчүн өздүк салым катары Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинен 270 000 ( эки жүз жетимиш миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Иса уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | С.Ч. Абзаитов |