Редакцияот 25.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз он экинчи сессиясынын жыйналышы

2025-жылдын 25-ноябры № 12/2

Кара-Гуз айыл аймагынын  Жетим-Дөбө айылынын  Ташмаматов Разакул атындагы  көчөнүн жарыктандыруусу үчүн түрткү берүүчү грантка  өткөрүүгө өздүк салымга Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын    жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кара-Гуз айыл аймагынын Жетим-Дөбө айылынын Ташмаматов Разакул атындагы көчөнүн жарыктандыруусу үчүн түрткү берүүчү грантка жазылган долбоорунун маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Гуз айылдык кеңеши      

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Жетим-Дөбө айылынын Ташмаматов Разакул атындагы көчөнүн жарыктандыруусу үчүн өздүк салым катары Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Иса уулуна милдеттендирилсин.

 

Төрага

 С.Ч. Абзаитов