Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз он экинчи сессиясынын жыйналышы
2025-жылдын 25-ноябры № 12/3
Кара-Гуз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 2025-жылга каралган лимитинен ашыкча пайдаланылган электр энергиясы үчүн төлөмдү жергиликтүү бюджеттен каржылоосун карап берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кара-Гуз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 2025-жылдын лимитинен ашыкча пайдаланылган электр энергиясы үчүн төлөмдү жергиликтүү бюджеттен каржылоосун карап берүү тууралуу Кара-Гуз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К. Арзибековдун маалыматын, Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап, Кара-Гуз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Берилген лимиттен ашыкча пайдаланылган электр энергиясы үчүн төлөмдүн суммасын Кара-Гуз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджеттик планына киргизип берүү жагы КРФМ Кара-Кулжа каржы башкармалыгынан суралсын.
2.Кара-Гуз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 2025-жылдын лимитинен ашыкча пайдаланылган электр энергиясы үчүн 211 900 (эки жүз он бир миң тогуз жүз) сом акча каражатын Кара-Кулжа райондук электр тармактар ишканасына 2025-жылдын бюджетинин кошумча түшкөн кирешесинен төлөп берүү милдеттендирилсин.
3.Бюджетке толуктоолорду киргизүүдө тиешелүү документтерди даярдап райондук каржы башкармалыгына тапшыруу жагы Кара-Гуз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФӨБ башчысы К. Арзибековго милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | С.Ч. Абзаитов |