Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз он экинчи сессиясынын жыйналышы
2025-жылдын 25-ноябры № 12/4
Кара-Гуз айыл аймагынын Жаңы-Талаа айылынын А. Маматалиев көчөсүнө жарыктандыруу жана бак дарак эгүүгө тосмо куруу үчүн түрткү берүүчү грантка өткөрүүгө өздүк салымга Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл аймагынын Жаңы-Талаа айылынын А. Маматалиев көчөсүнө жарыктандыруу жана бак дарак эгүүгө тосмо курууүчүн түрткү берүүчү грантка жазылган долбоорунун маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Гуз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Талаа айылынын А. Маматалиев көчөсүнө жарыктандыруу жана бак дарак эгүүгө тосмо куруу үчүн өздүк салым катары Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинен 1 754 795 ( бир миллион жети жүз элүү төрт миң жети жүз токсон беш ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Иса уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | С.Ч. Абзаитов |