Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз он экинчи сессиясынын жыйналышы
2025-жылдын 25-ноябры № 12/5
Кара-Гуз айыл аймагынын Көк-Ирим калктуу конушуна айыл статусун берүү жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык Кенештин Регламент, депутаттык этика, мандат, мыйзамдуулуктуу, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнө ылайык Көк-Ирим конушуна айыл статусун берүү жөнүндөгү кайрылууларын канааттандыруу максатында айылдык Кеңешке чейинки даярдалган баштапкы иш кагаздарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын административдик аймактык түзүлүшү жөнүндө мыйзамына ылайык, атайын бекитилген жобонун негизинде айыл статусун алуу боюнча даярдалган тийиштүү болгон баштапкы иш кагаздарды карап чыгып, талкуулап Кара-Гуз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Ирим конушуна айыл статусун берүү жөнүндөгү конуштун жашоочуларынын кайрылуулары канааттандырылсын.
2.Айыл статусун алуу боюнча мыйзамдуу иш кагаздарын даярдап тийиштүү болгон жогорку органдарга кыска мөөнөттө жеткирүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Бул Токтомду КРнын ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы кенештин жоопту катчысына жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин Регламент, депутаттык этика, мандат, мыйзамдуулуктуу, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Иса уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | С.Ч. Абзаитов |