Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз он экинчи сессиясынын жыйналышы
2025-жылдын 25-ноябры № 12/6
Кара-Гуз айыл аймагына караштуу Жаңы-Талаа айылындагы “Семетеев Туркбай ата” жеңиш аллеясына БМД-1 үлгүсүндөгү күжүрмөн унааны эстелик иретинде коюуга макулдук берүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл аймагына караштуу Жаңы-Талаа айылындагы “Семетеев Туркбай ата” жеңиш аллеясына БМД-1 үлгүсүндөгү күжүрмөн унааны эстелик иретинде коюуга макулдук берүү жөнүндө Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн орун басар жооптуу катчысы К. Каденовтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,айылдык Кеңешке чейинки даярдалган баштапкы иш кагаздарын карап чыгып, Кара-Гуз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Гуз айыл аймагына караштуу Жаңы-Талаа айылындагы “Семетеев Туркбай ата” жеңиш аллеясына БМД-1 үлгүсүндөгү күжүрмөн унааны эстелик иретинде коюуга макулдук берилсин.
2.БМД-1 үлгүсүндөгү күжүрмөн унааны эстелик иретинде коюу үчүн “Семетеев Туркбай ата” жеңиш аллеясынан атайын жер бөлүнүп берилсин.
3.БМД-1 үлгүсүндөгү күжүрмөн унааны эстелик иретинде коюу боюнча мыйзамдуу иш кагаздарын даярдап тийиштүү болгон жогорку органдарга кыска мөөнөттө жеткирүү жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн орун басар жооптуу катчысы К. Каденовко тапшырылсын.
4.Бул Токтомду КРнын ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы кенештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин Регламент, депутаттык этика, мандат, мыйзамдуулуктуу, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Иса уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | С.Ч. Абзаитов |