Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз он экинчи сессиясынын жыйналышы
2025-жылдын 25-ноябры № 12/7
Кара-Гуз айыл аймагынын Кара-Жыгач айылындагы Түшүнүк орто мектебине жылытуу системасын жана акылдуу меш орнотуу үчүн Кара-Кулжа райондук өнүктүрүү фондуна өткөрүүгө өздүк салымга Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө кабыл алынган токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл аймагынын Түшүнүк орто мектебине жылытуу системасын жана акылдуу меш орнотуу үчүн Кара-Кулжа райондук өнүктүрүү фондуна жазылган долбооруна өзгөртүү киргендигине байланышту Финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Гуз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Жыгач айылындагы Түшүнүк орто мектебине жылытуу системасын жана акылдуу меш орнотуу үчүн өздүк салымдын суммасы өзгөргөндүгү үчүн Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-августундагы №9/10 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу бул токтом жокко чыгарылсын.
2.Кара-Жыгач айылындагы Түшүнүк орто мектебине жылытуу системасын жана акылдуу меш орнотуу үчүн өздүк салым катары Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 745 492 (жети жүз кырк беш миң төрт жүз токсон эки миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге жана Кара-Гуз айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С.Ч. Абзаитов |