Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги он үчүнчү сессиясынын жыйналышы
2026-жылдын 20-январы № 13/1
2025-жылдын жыл жыйынтыгы менен Кара-Гуз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин жана социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнүн абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесине негиз каралган маселе боюнча айылдык Кенештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн жана Кара-Гуз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдиндин угуп жана талкуулап, Кара-Гуз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчсы Н. Иса уулунун 2025-жылдын жыл жыйынтыгы менен Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жана социалдык экономикалык жактан өнүгүшүнүн абалы жөнүндөгү отчету кээ бир кемчилдиктери менен канааттандыраарлык деп табылсын.
2.Бул токтомду КРнын ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы кенештин жоопту катчысына жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Иса уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | С.Ч. Абзаитов |