Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги он төртүнчү сессиясынын жыйналышы
2026-жылдын 5-февралы № 14/1
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2026-жылга каралган бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга кирешелер бөлүгүнүн болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү жана 2027-2028-жылдарга кирешелер бөлүгүнүн болжолдуу планын бекитүү жөнүндөгү Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К. Арзибековдун билдирүүсүн жана Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджетинин кирешелер бөлүгү 36 325 400 (отуз алты миллион үч жүз жыйырма беш миң төрт жүз) миң сом жана чыгашалар бөлүгү 36 325 400 (отуз алты миллион үч жүз жыйырма беш миң төрт жүз) миң сомго өлчөмүндө бекитилсин.
2.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелеринин болжолу 2027-жылга 37 915 400 (отуз жети миллион тогуз жүз он беш миң төрт жүз) миң сомго, 2028-жылга 39 653 400 (отуз тогуз миллион алты жүз элү үч миң төрт жүз )миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.2026-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын. Айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгү 2026-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте коргоого алган чыгымдардын статьяларына каржылануусу белгиленсин.
4.Мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Гуз айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Ч. Абзаитов |