Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги он төртүнчү сессиясынын жыйналышы
2026-жылдын 5-февралы № 14/2
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинен калдык акча каражатын 2026-жылдын бюжетине кошумча киргизүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинен калдык 3 944 477 (үч миллион тогуз жүз кырк төрт миң төрт жүз жетимиш жети) сом акча каражатын 2026-жылдын бюджетине кошумча киргизүү боюнча депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2025-жылдан 3 944 477 (үч миллион тогуз жүз кырк төрт миң төрт жүз жетимиш жети) миң сом акча каражаты айрым статьяларынан үнөмдөлгөн калган акча каражаты 2026-жылдын бюджетине 3 944 477 (үч миллион тогуз жүз кырк төрт миң төрт жүз жетимиш жети) сомго кошумча киргизип берүү Кыргыз Республикасынын Кара-Кулжа райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
2.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2025-жылдан 182 381 (бир жүз сексен эки миң үч жүз сексен бир ) миң сом үнөмдөлүп калган атайын төлөм каражаты, 2026-жылга атайын төлөм каражатынын калдыгы 182 381 (бир жүз сексен эки миң үч жүз сексен бир ) миң сом кошуп берүү Кыргыз Республикасынын Кара-Кулжа райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссииясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге жүктөлсүн.
Төрага | С.Ч. Абзаитов |