Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги он төртүнчү сессиясынын жыйналышы
2026-жылдын 5-февралы № 14/3
Кара-Гуз айылдык аймагындагы “Кеңеш таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга карата бюджетин бекитип берүү жөнүндө
“Кеңеш таза суу жана тазалык” ишканасынын ичүүчү таза суу ишканасынын 2026-жылга карата жылдык бюджетин бекитип берүү үчүн “Кеңеш таза суу жана тазалык” ишканасынын башчысы А. Маматкайымовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Кеңеш таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга карата бюджетинин кирешелер бөлүгү 2 100 000 (эки миллион бир жүз миң) сом жана чыгашалар бөлүгү 2 100 000 (эки миллион бир жүз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин
2.2026-жылга муниципиалдык ишкананын бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
3.Мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы “Кеңеш таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы А. Маматкайымовго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кеңеш таза суу жана тазалык ишканасынын башчысы А. Маматкайымовго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Ч. Абзаитов |