Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 21-августу № 32
“Орто-Кайыңды айыл аймагында Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзам талаптарын камсыз кылуу жөнүндө”
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э. Баязованын “Орто-Кайыңды айыл аймагында ” Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “ Тынчтык жөнүндө” Мыйзам талаптарын камсыз кылуу жөнүндө маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123” Жергиликтүү мамлекеттик администрация администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Орто-Кайыңды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Орто-Кайыңды айыл аймагында жайгашкан ресторандарда, эс алуучу жайларда, тойканаларда, кафелерде саат 22:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин ( дем алыш жана майрам күндөрү саат 9-00гө чейин) үн басымын жана ызычуунун белгиленген денгээлинен ашууга тыюу салынат.
2.Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнө тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларга жана аймактарга жакын жайгашкан эс алуучу коомдук жайларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилет.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э. Баязовага жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Абдиманап кызы Сажидага жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |