Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-сентябры № 33
“Жергиликтүү бюджеттин жайыт бөлүмүнүн киреше, чыгаша бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө”
Орто- Кайыңды айыл өкмөтүнүн СЭӨ бөлүмүнүн башчысы Машланова Э.М. 70429 “Жайыт” бөлүмүнүн 22154900 беренесинин планын 9 айдын эсеби менен киреше жана чыгаша бөлүгүнүн такталган планын 384,0 (үч жүз сексен төрт миң ) сомго көбөйтүп берүү боюнча маалыматын угуп, талкуулап чыгып Орто- Кайыңды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жергиликтүү бюджеттин 70429 “Жайыт” бөлүмүнүн 22154900 беренесинин планын 9 айдын эсеби менен киреше жана чыгаша бөлүгүнүн такталган планын 384,0 ( үч жүз сексен төрт миң ) сомго көбөйтүү менен бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Шаршенбиева В.А. жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |