Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-сентябры № 34
“Демилге муниципалдык ишканасынын ичүүчү сууга кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифин бекитүү”
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн СЭӨБ башчысы Машланова Э.М. “Демилге муниципалдык ишканасынын калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтерин бекитүү” жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап чыгып жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Мыйзамынын 34 - беренесине ылайык Орто-Кайыңды айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Вознесеновка айылынын калккына ичүүчү сууну пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн тарифин 2025-жылдын 1- октябрынан тарта бир кишиге 70 (жетимиш) сом бекитилсин.
2.Жеке турак жайларды негизги суу түтүк тармагына туташтыруу кызматынын тарифин - 3000 ( үч миң ) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бекитилген тарифтер Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен макулдашылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо “Демилге” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Абдыраева А.О. жүктөлөт.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Баязовага жана социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Абдиманап кызы Сажидага жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |