Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-сентябры № 37
“Жер тилкесинин ижара акысын бекитүү жөнүндө”
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн “Демилге” МИ жетекчиси А.О.Абдраеванын 31.07.2025-жылдагы чыг. № 101 “Уюлдук байланыштын базалык станциялары бар компаниялар пайдаланып жаткан жер тилкеси үчүн ижара акысынын төлөмүн, түзүлгөн ижара келишими аяктагандан тарта көтөрүп берүү жөнүндөгү” кайрылуусун, 09.09.2025-жылдагы объектин ижара наркы жөнүндө №72 каттоо номериндеги корутундуну карап чыгып, учурдагы баалардын өсүшүн эске алып, муниципалдык ишкананын бюджетин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып, Орто-Кайыңды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Орто-Кайыңды айыл аймагынын Суусамыр өрөөнүндөгү Париж Токойлуу участогундагы Нур-Телеком ЖЧКнун жайыт аянтында орнотулган уюлдук байланыштын базалык станциясы үчүн 2025-жылга ижара келишиминин мөөнөтү аяктаган күндөн тарта пайдаланып жаткан жер тилкесинин ижара акысы ай сайын 10 000 ( Он миң) сомго бекитилсин.
2.Орто-Кайыңды айыл аймагынын Кум-Арык айылында Нур-Телеком ЖЧКнун орнотулган уюлдук байланыштын базалык станциясы үчүн 2025- жылга ижара келишиминин мөөнөтү аяктаган күндөн тарта пайдаланып жаткан жер тилкесинин ижара акысы ай сайын 10 000 ( Он миң) сомго бекитилсин.
3.Бул токтомду аткаруу “Демилге” МИ жетекчиси А.О. Абдыраевага милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселеси боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы С.Т. Нуржановго жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |